Манас аэропортундагы учак. Архив

"Манас" аэропортунда Бишкек Анталья каттамы эмнеге кармалууда? Расмий жооп

(жаңыланган 14:08 22.08.2019)
Учак бүгүн эртең мененки 6.05те абага көтөрүлүшү керек болчу.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. "Манас" аэропортунда бүгүн эртең менен саат 6.05те Бишкек — Анталья каттамы менен учуп кетчү учак белгисиз себептерден улам ушул убакка чейин кармалып жатканын жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жазып, видеолорду жүктөп жатышат.

Анда көрүнүп тургандай, аба майданда нааразы болгон жүргүнчүлөр аэропорттун кызматкерин тегеректеп турушат. Айрымдар каттам качан аткарыларын, мындай кырдаалга эмне себеп болгонуна жооп ала албаса, дагы башкалар күткөн элге ысык тамак берүүнү талап кылууда.

Каттамды Avia Traffic компаниясы аткарышы керек. Жүргүнчүлөргө учак эртең мененки саат 6.05те абага көтөрүлөрү айтылган. Бирок белгисиз себептерден улам каттам жылдырылып келе жатат.

Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы компаниянын жетекчиси Алик Аскаров менен байланышты.

Анын айтымында, каттамдын кармалышына учактын даяр эместиги себеп болууда.

"Учак бузук эмес. Болгону аны кезектеги сапарга даярдоого жетишпей жатышат. Анан, албетте, техника болгондон кийин ар бир учууда ары-бери жагын толугу менен карап чыгышыбыз керек. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү шаар тургундары болгондуктан, үйлөрүңөргө барып тургула деп айтканбыз. Негизи аэропорттогуларга чай, суу, печенье берилди. Азыр ысык тамак берилет", — деди Аскаров.

Ошондой эле ал самолет 14.30 же 15.00дө абага көтөрүлүүсү күтүлүп жатканын кошумчалады.

Ал эми "Манас" аэропортунун онлайн-таблосунда сөз болуп жаткан учак Анталья шаарына 15.00дө учуп кетери көрсөтүлгөн.

Белгилер:
аэропорт, жүргүнчү, каттам, учак, Avia Traffic, Анталия, Бишкек
Тема боюнча
"Манастан" көтөрүлгөн учакта чарчап калган ымыркай. Окуянын чоо-жайы
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

(жаңыланган 23:29 19.04.2021)
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония вручения именных часов президента Кыргызстана Садыра Жапарова 11 российским военнослужащим на авиабазе Кант
© Пресс-служба президента КР
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган. 

Белгилер:
сыйлык, Садыр Жапаров, президент, Аскер, саат, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу
Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ошто балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты эшигин ачты. Сүрөт

(жаңыланган 21:43 19.04.2021)
100 орунга ылайыкташкан жаңы оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөн. Ал эми эски имараты толугу менен оңдолгон.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.

  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Министр здравоохранения Алымкадыр Бейшеналиев и руководители городской мэрии Оша осматривают новую детскую инфекционную больницу
    Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 4
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.

100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.

Белгилер:
азем, ачылыш, министр, оорукана, Ош, Кыргызстан
Тема боюнча
Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды. Сүрөт