Сеид Атамбаев кайнатасынын үйүнөн табылган акчанын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев. Архив
 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин уулу курмандык чалуу үчүн бука сатып алууга акча даярдап койгонун айтууда.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев милиция кызматкерлери кайнатасынын үйүнөн тапкан акча боюнча маалымат берди.

Обменный пункт в центре Каира - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
Белгилей кетсек, 9-августта милиция Алмазбек Атамбаевдин кудасынын үйүн тинтип, уулу Сеид калтырып кеткен 170 миң сом акча, адамдардын аты-жөнү жазылган барактар табылганын билдирген. Ошондой эле 2,2 миллион сом жана 318 миң доллар чыгымдалганын далилдеген материалдар болгонун айткан. Милиция акчалар митингге чыккандарды жана башаламандык уюштургандарды каржылаганга кетиши мүмкүн деп болжогон.

Сеид Атамбаев ал каражатка Курман айт күнү курмандык чалуу үчүн бука сатып алууну пландап жатканын айтууда.

"Ооба, сумкамда 170 миң сом бар болчу. Биздин атабыз Курман айтка карата жыл сайын Арашан айылына 10 бука таратып берчү. Ал букаларга аванс катары бериле турган акча эле. Бул жыл биздин үй-бүлөбүзгө оор болду, ошон үчүн өзүмдүн ниетим менен атамдан уруксат алып, өз каражатыма атамдын атынан элге жардам берем деп ойлогом. Карапайым калкыма, алыстан келген мекендештериме, жөнөкөй элге, биздин "Элдик штабды" колдогон кишилерге ыраазычылык билдирейин дегем", — деп айткан Сеид.

Ошондой эле ал атасы курмандык чалууну 1992-жылдан бери салтка айлантканын кошумчалады. Мындан сырткары, Атамбаев жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, кары-картаңдарга жана майыптарга да жардам берип келгенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0