Ирина Карамушкина сотко өзү келди. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат "Кишилерди барымтага алууга катышуу" беренеси боюнча шектелүүдө.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Биринчи Май райондук сотуна келди. Бул туурасында кабарчы жеринен билдирди.

© Sputnik / Нурис АлымбаевДепутат Жогорку Кенеша Ирина Карамушкина пришла в Первомайский райсуд, где ей изберут меру пресечения
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Биринчи Май райондук сотуна келди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Биринчи Май райондук сотуна келди
© Sputnik / Нурис АлымбаевДепутат Жогорку Кенеша Ирина Карамушкина пришла в Первомайский райсуд, где ей изберут меру пресечения
Сотто эл өкүлүнүн баш коргоо чарасы тандалат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Сотто эл өкүлүнүн баш коргоо чарасы тандалат.
1/2
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Биринчи Май райондук сотуна келди
2/2
Сотто эл өкүлүнүн баш коргоо чарасы тандалат.

Эске сала кетсек, бүгүн, 22-августта, депутат Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Кишилерди барымтага алууга катышуу") боюнча шектелип жатканы белгилүү болгон.

Сотто эл өкүлүнүн баш коргоо чарасы тандалат.

Кой-Таш окуясы

Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта атайын операция жүргөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 130дан ашуун киши ар кандай жаракат алган.

ЖКнын экс-депутаты Азимбек Бекназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азимбек Бекназаров Кой-Таш окуясы боюнча ИИМге сурак берип чыкты
Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген. УКМКга алып келинген мурунку президент Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакка алынган.

16-август күнү Атамбаевдин жактоочулары тарабынан берилген доо арыздын негизинде көчмө жыйын өтүп, Бишкек шаардык соту аны камакта калтыруунун мөөнөтүн ошол боюнча калтырган.

20-августта анын камактагы мөөнөтү бир айга узарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0