Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы тандалды

© Sputnik / Нурис АлымбаевДепутат Жогорку Кенеша Ирина Карамушкина в Первомайском районном суде
Депутат Жогорку Кенеша Ирина Карамушкина в Первомайском районном суде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү бүгүн сотко өзү келген.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасын карап, аны 8-октябрга чейин үй камагында калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Белгиленген убакытка чейин депутат Чүй облусунун аймагынан чыга албайт. Анын жактоочусу бул чечимдин үстүнөн даттануу боюнча маселени өзү менен кеңешип туруп кабыл аларын айтты.

Эске сала кетсек, бүгүн, 22-августта, депутат Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Кишилерди барымтага алууга катышуу") боюнча шектелип жатканы белгилүү болгон.

Кой-Таш окуясы

 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сеид Атамбаев кайнатасынын үйүнөн табылган акчанын чоо-жайын айтты
Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта атайын операция жүргөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 130дан ашуун киши ар кандай жаракат алган.

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген. УКМКга алып келинген мурунку президент Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакка алынган.

16-август күнү Атамбаевдин жактоочулары тарабынан берилген доо арыздын негизинде көчмө жыйын өтүп, Бишкек шаардык соту аны камакта калтыруунун мөөнөтүн ошол боюнча калтырган.

20-августта анын камактагы мөөнөтү бир айга узарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0