Борбордогу жаңы паркка бак тигип кетиңиз. Мэриянын жаңы акциясы

Жазылуу
Парк Айтматов проспектиси менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы тургундарды "Жашоо үчүн парк" аталышындагы жашылдандыруу акциясына катышууга чакырат. Бул туурасында шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде Айтматов проспектиси менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишиндеги Түштүк магистралда жаңы парк курулганы айтылат.

"Долбоор боюнча ал жактагы он гектар жерге 1800 түп бак отургузуу керек. Биз шаардыктарды паркка бак тигип кетүүгө чакырабыз. Ар бир адам каалаган багын сатып келип отургуза алат", — деп айтылат маалыматта.

Акциянын шарты боюнча бак тигип жатканыңызды сүрөткө же видеого тартып, социалдык тармактарга жүктөшүңүз керек. Ага #parkforlife_challenge #паркдляжизни #жашоотартуулагансейилбак деген хэштегдерди улап, мэриянын Facebook жана Instagram баракчасын белгилөө шарт.

Жашылдандыруу долбоорун "Бишкекбашкыархитектуранын" адистери даярдаса, бактардын тизмесин Илимдер академиясы каттоодон өткөрүп берген.

Жаңы паркта отургузула турчу бактардын тизмеси:

  • Каштан — 142 даана;
  • Чыгыш чынары — 56 даана;
  • Липа — 119 даана;
  • Мажүрүм тал — 265 даана;
  • Ийне жалбырактуу зараң — 102 даана;
  • Ийне жалбырактуу зараңдын кызыл түрү — 16 даана;
  • Ийне жалбырактуу зараңдын ала-була түрү — 16 даана.
Жаңылыктар түрмөгү
0