Залалдуу шишик оорусунан айыккан Мурат Мусабаев

Ракты жеңген Мурат Мусабаев: дарыгерлер ичимди ачып көрүп таң калышкан

12717
(жаңыланган 15:37 23.08.2019)
Төрт жыл мурда Мурат Мусабаевге дарыгерлер залалдуу шишик оорусуна кабылганын кабарлашкан. Бейтап оорусу тууралуу үчүнчү баскычка келгенде гана билген, бирок бүк түшүп отуруп калган эмес, айыгарына ишенген. Айткандай эле кийин дарыгерлер Мусабаевден рактын белгилерин таппай калышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кезинде аты жаман илдет менен алышып, аны жеңип чыккан Мурат Мусабаевди кепке тартты.

— Эмнегедир рак илдетин укканда элдин көбүнүн ою дароо жамандыкка кетет. Дартыңыз тууралуу укканда сизде алгач кандай сезимдер болду эле?

— Дартым тууралуу 2015-жылы билдим. 76 килограмм салмакта, дайыма бир калыпта жүрчүмүн. Ошол жылдары тез эле арыктап, аз убакыт ичинде эле 5-6 килограмм салмак таштап салдым. Өзүм да эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Ракка кабылдым деген түк оюма келген эмес. Бир күнү арыктаган кебетемди көргөн досум "дарыгерге көрүнчү" деп алып барды. Анализ тапшырсак рак болуп чыкты... Көтөн чучуктан үчүнчү баскычтагы залалдуу шишик экен. Илдетимди билген күнү ар кандай ойго чөмүлүп, ооруканадан үйгө чейин жөө бардым. Санаага батып, жаман нерсени деле ойлогон жокмун. Анткени рактан каза болгондорду көргөм. Бирок алар санааркап, көпчүлүктү сүйбөй, ар нерсеге жини келип, айтор, жашоо үчүн күрөшчү эмес. Өзүм ооруп жатсам, ага кошумча сарсанаа болуп жаман нерселерди ойлой берсем дартымды курчутуп аларымды сездим дагы жакындарыма ал тууралуу жай гана кабарладым.

Кыргызстанец Мурат Мусабаев, который излечился от рака во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мурат Мусабаев: өзүм ооруп жатсам, ага кошумча сарсанаа болуп жаман нерселерди ойлой берсем дартымды курчутуп аларымды сездим дагы жакындарыма ал тууралуу жай гана кабарладым.

— Дарт менен канча убакыт, кантип күрөштүңүз?

— Анализим чыккандан кийин дарыгерлер операция жасашты. Андан кийин эле химиотерапия алышым керектигин айтышты, бирок аны боорум көтөрө алмак эмес. Ага чейин гепатит С менен ооругам. Эгер химиотерапия алсам боорум жарылып кетмек. Аны дарыгерлер да жакшы билишкен. Ошол себептен "бардык жоопкерчилик өз мойнумда" деп арыз жазып, химиотерапиядан баш тарттым. Бирок ооруга моюн сунуп отуруп калбадым. Жок дегенде өзүмдү моралдык жактан дарылайын деп алхимиотерапия кылууну чечтим.

— Кантип?

— Жөө бастым, оюмду жаман нерселерден тазаладым, манас уктум. Биринчи операциядан кийин 50 метрге гана араң басчумун. Эптеп жаным жай алып калган учурларда кыбырап басып жүрүп, бара-бара 5-7 чакырымга чейин жөө баса баштадым.

Жөн баспай дем алуум менен иштедим. Мисалы, узун дем алып, кайра аны кыска-кыска кылып бөлүп чыгарып көнүктүм. Мындай көнүгүүнү бир же эки жолу эмес, таза абада бир нече жолу кайталоо керек. Туура дем алуу эс-тутумду да жакшыртып, иммунитетти жогорулатат экен. Дайыма троллейбус менен жүрөм. Ал жакка киргенде дагы ушул көнүгүүнү жасайм. Неберелериме туура дем алуу боюнча диск сатып бергем, оюн сыяктуу эле аны кайталап жасай беришет.

Өзүм кыргызча жакшы сүйлөп, түшүнбөсөм дагы Саякбай Каралаевдин аткаруусундагы "Манас" эпосун уктум. Байкасаңыздар, манасчылар күпүлдөп 40 сутка транска кирип манас айтса, кадимкидей жеңилдеп калышат, өпкөсү ачылат. Көрсө, илгерки кишилер жаратылыш менен гармонияда болгонду билчү экен. Манасчыны тегеректеп алып анын баянын укчу. Жай сүйлөшчү, бири-бирине жамандык жасачу эмес. Азыр жөө баскан адам аз, айрымдар дивандан ажатканага чейин унаа менен баргысы келет. Мындан сырткары, акылды, ойду тазалоо керек. Жаман нерселерди ойлоп, негативдүү маалыматтарды окуй берсе адам өзүнөн өзү чөгүп кетет. Жини бат келип, сөз көтөрө албай калат. Акыл канчалык таза жана тынч болсо ага жаман ой да келбейт экен.

Кыргызстанец Мурат Мусабаев, который излечился от рака во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мурат Мусабаев: көрсө, илгерки кишилер жаратылыш менен гармонияда болгонду билчү экен. Манасчыны тегеректеп алып анын баянын укчу. Жай сүйлөшчү, бири-бирине жамандык жасачу эмес. Азыр жөө баскан адам аз, айрымдар дивандан ажатканага чейин унаа менен баргысы келет.

— Дарттан ушуну менен эле жакшы болуп кеттиңизби?

— Биринчи операциядан кийин жанагындай көнүгүүлөрдү жасап жүрдүм. Бир күнү приступ болуп, кан кетип тез жардам менен ооруканага алып барышты. Барганда хирург ичимди ачып, "ички органдарыңыздын баары, анын ичинде бооруңуз да таптаза экен" деди. Рактын белгилери жоголгонун айтты. Көрсө, ичеги-карын оролуп калгандыктан приступ бериптир. Дарыгер "химиотерапия алдыңыз беле?" деп сураганынан "жок" десем, аябай таң калган.

Ошентип ичимди эки жолу ачышты. Экинчи операциядан кийин бат эле өзүмө келип, эки-үч күндө басып кеттим.

— Азыр баары жакшыбы?

— Бейтап катары ооруканада каттоодо турам. Бирок дарыгерлер баары жакшы экенин айтышты.

— Учурда эмне иш кыласыз?

— Көп убактымды китеп окуп, китеп жазуу менен өткөрөм. Колго жазам, бирок досторум аны китеп кылып чыгарып жатышат. Алсак, "Өзүңдү өзүң тааны", "Өзүң менен өзүң бол", "Таза мамлекеттин теориясы" деген китептерди мен жазгам.

Убагында бир топ кызматтарда иштеп, ишкерлик чөйрөдө да жүрдүм. Ички иштер министрлигинин академиясын аяктагам. Кесибим боюнча юрист, укук таануучумун. Кылмыш изилдөө боюнча бир аз убакыт мугалим болуп, сабак берип жүрдүм. Кошумча экономика факультетин да аяктагам. Кийин кооперативдик иштер башталып, ишкерликке өтүп кеттим. Башында кийим, андан соң бут кийим тиккен цех ачып иштеттим. Андан чоңоюп беш жыл кант чыгарган "Кант-Кайыңды" заводунун аткаруучу жетекчиси болдум. Бирок анын баары азыр артта калды. Алган тажрыйбаларым кийин китеп жазууга түрткү болду.

Кыргызстанец Мурат Мусабаев, который излечился от рака во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мурат Мусабаев: азыр көп убактымды китеп окуп, китеп жазуу менен өткөрөм. Колго жазам, бирок досторум аны китеп кылып чыгарып жатышат.

— Азыр коомдо болор-болбос нерсеге деле кайгыргандар көп, сыноону жеңе албагандар бар. Аларга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Биринчи эле айтарым, спорт менен дос болгула. Ал үчүн азыр ар кандай спорт клубдар, машыгуу залдары бар. Эч болбосо көбүрөөк жөө баскыла. Мындан сырткары, кызыккан бир иш менен алектенсе да адамдын мээси сергийт. Мисалы, калаада ар кандай буюмдарды кол менен жасаганды үйрөткөн борборлор бар. Андай ийримдерден адам кадимкидей эс алат. Ошол эле бийликте, өкмөттө жүргөндөр эки саат убакыт таба калып балдар ийримдерине барып бир нерсе курап, өзүңөр үчүн жасасаңар пайдалуу иш кылган болосуңар. Эч болбоду дегенде эртең менен короо шыпырсаңар да ошол пайда.

12717
Белгилер:
илдет, рак, маек
Тема боюнча
Онкологиялык илдетке чалдыккандар пенсияны мөөнөтүнөн мурда ала алат
Сирия президентинин жубайы Асма Асаддын рактан айыкканы айтылды