Forbes кыргыз жигиттин стартапын технология жаатындагы башкы тренд деп баалады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын программист Тилек Мамутов. Архив
Кыргызстандын программист Тилек Мамутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилек Мамутов өзүнүн бир тууганы менен Outtalent сервисин ишке киргизген. Анын арты менен орус тилдүү программисттер ири компаниялардан иш таба алат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Белгилүү америкалык Forbes журналы кыргызстандык Тилек Мамутовдун ийгиликтүү долбоору тууралуу жазды.

Маалыматтык технология жаатындагы Y Combinator ири эл аралык конференциясында инвесторлорго 174 стартап сунушталган.

Презентациянын жыйынтыгында Forbes журналынын журналисттери технологиялык стартаптардын ичинен эң негизгилерин жазды. Тизмеден кыргызстандык Мамутовдун Outtalent деген долбоорун кезиктирүүгө болот.

"Outtalent стартапынын негиздөөчүсү Тилек Мамутов Кыргызстанда жашап жүргөн кезде бир жылдык кирешеси 4000 долларды түзгөн. Ал эми Google компаниясына киргенден кийин 140 миң долларга жеткен. Азыркы тапта Outtalent сервиси программисттерге чет өлкөдөн жумуш табууга жардам берет. Эгер адам ишке илинип калса, анда Outtalent сервисине маянасынын анча чоң эмес пайызын берип турат", — деп жазды Forbes.

Google компаниясында 11 жыл эмгектенген кыргызстандык Тилек Мамутов өзүнүн бир тууганы менен Outtalent сервисин ишке киргизген. Анын арты менен орус тилдүү программисттер Google, Amazon, Spotify, Facebook, Dropbox, Airbnb жана OpenAI сыяктуу технологиялык ири компаниялардан жумуш таба алат. Учурда компаниянын 48 кардары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0