Кардарына үйлөнгөн. Курсан Асановдун жактоочусу Айткулов тууралуу факты

© AFP 2023 / Marcel Kusch / POOLКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн Икрамидин Айткуловду кармады. Адвокат тууралуу кенен билгендер аз болсо керек. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги ал тууралуу 7 факты даярдады.

Айткулов кечээ, 22-августта, Бишкек ШИИБге сурак бергенден кийин кармалган. Буга Н.Д. аттуу жарандын "алдоо жолу менен 5 500 доллар акчамды алып алды" деп бир жыл мурун жазган арызы негиз болгон. Ага бүгүн дагы бир айып кошулуп, Бишкек шаарынын тургунунан 31 миң доллар карыз алып, аны кайтарып бербей койгону айтылууда.

Белгилей кетсек, ал соңку учурда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн. Буга чейин Айткулов президентке, премьер-министрге кайрылып, Курсан Асановдун ишин иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетүүнү суранган.

Атасы юрист кылмак эмес

Начальник УВД Оша Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы маянасын көрүп талып кала жаздаган. Курсан Асанов тууралуу 9 факты
Икрамидин Айткулов 1956-жылы 10-сентябрда Ноокат районунун Жал айылында туулуп, мектепти Өзгөн районунан окуган. Бала кезинен китепти көп окуп, мектепте тартиптүү бала болгон. Атасы прокуратурада иштеген. Бирок уулун юридика тармагынан алыс кармаганды туура көргөн. Ошол себептен үйүндөгүлөр аны Политехникалык институттун энергетика факультетине тапшыртып коюшат. Бир жыл окугандан кийин кесип жан дүйнөсүнө жакын эместигин түшүнүп, чыгып кетет. Кайрадан окууга тапшырууга шашылбай, Ош шаардык сотунда катчы болуп ишке орношот.

1975-жылы Россияда аскердик кызматын өтөйт. Бир жылдан кийин Бүткүл союздук юридика институтунун даярдоо курсун окуйт. 1977-жылы Казань мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырган.

Милиционер, чекист болуп иштеген

Икрамидин Айткулов алгач милиция болуп 15 жыл иштейт, андан кийин Улуттук коопсуздук кызматында эмгектенет. 2004-жылдан бери адвокат. Ал адвокаттык кесипти сүйөрүн, бирок эки нерсе жакпай турганын белгилеген. Биринчиси, соттук процессти күтүү болсо, экинчиси, эс алууга кенен убакыт болбойт.

Белгилүү саясатчыларды жактаган

Айткулов белгилүү кыргыз саясатчыларына адвокат болгон. Тагыраагы, мурдагы премьер-министр Николай Танаевдин, Игорь Чудиновдун, Темир Сариевдин, мурдагы президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын, депутаттар Камчыбек Ташиев менен Равшан Сабировдун, экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин, мурдагы каржы министри Таалайбек Койчумановдун укугун коргогон.

Токмоктоп кетишкен

2013-жылы үйүнүн жанында катуу сабалган. Адвокат унаасынан түшүп келе жатканда белгисиз адамдар кол салышкан. Тиши сынып, көгөрүп, буту сынып ооруканага жаткан. Мындан тышкары, анын чөнтөк телефонун жана акчасын алып кетишкен. Муну өзү буйрутма деп баалаган. Кол салгандар кармалган эмес.

Лицензиясынан ажыратабыз дешкен

2013-жылы Башкы прокуратура Айткуловду адвокаттык укуктан ажыратуу боюнча Юстиция министрлигине көрсөтмө берген. Бул боюнча аталган министрликте комиссия түзүлүп, жыйынтыгында өтүнүчтү колдошкон эмес.

Биринчи жубайы

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
Россиядагы университетте экинчи курста окуп жүргөндө татар кызына үйлөнөт. Ата-энеси мындай кадамына таарынып, кабарлашпай, жардам бербей коюшат. Каражат табуу үчүн жатакананын короосун шыпырып иштейт. Тун наристеси төрөлгөндө жубайы экөө тең окууга толук бара албай кыйналат. Кийинки жылы ата-энеси менен жарашып, баласын аларга таштап, окууларын ийгиликтүү аякташкан. Икрамидин Айткуловдун төрт баласы бар.

Экинчи нике же кардарына үйлөнүү

Ал 2014-жылы сотто "Альфа Телеком" компаниясынан ири суммадагы акчаны алып чыгып кеткен" деп соттолгон Раушан Рыкунованы коргогон. Ал Бишкек шаардык соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Бирок 2016-жылы эркиндикке чыккан. Ошол эле жылы жактоочу менен кардары баш кошуп, Раушан Рыкунова жолдошунун фамилиясына өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0