Үйдөн да, акчадан да жок. Бишкектик киши 23 миң долларга алданганда

© Sputnik / Илья ПиталевТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши акчасын бергенден кийин гана үй сатуучуга эмес, курулуш компаниясына таандык экенин билген.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкекте алдамчылыкка шектелген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

9-август күнү бишкектик киши милицияга арыз менен кайрылган. Ал 5-июль күнү бейтааныш киши өзүн 12-кичи райондогу батирдин ээси катары тааныштырып, 23 миң долларга саткан. Арыздануучу акчасын бергенден кийин гана батир курулуш компаниясына таандык экенин билген.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде 48 жаштагы шектүү кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция бул кишиден жабыр тарткандар болсо (0707) 60-30-30, (0551) 60-30-30 номерлерине же 102 кызматына кабарлоону өтүнөт.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүү
Үйдөн да, акчадан да жок. Бишкектик киши 23 миң долларга алданганда - Sputnik Кыргызстан
Шектүү
Жаңылыктар түрмөгү
0