Жеңиш чокусунда жоголгон казакстандык альпинисттерди издөө токтотулду

© Sputnik / Юрий Куйдин / Медиабанкка өтүүЖеңиш чокусу. Архив
Жеңиш чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчуларды издөө үчүн жөнөтүлгөн Казакстандын аскер альпинисттери артка кайтты.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Жеңиш чокусунда жоголгон казак альпинисттери Мурат Отепбаев менен Андрей Корнеевди издөө иши токтотулду. Бул туурасында издөө-куткаруу операциянын жетекчиси Василий Пивцов маалымат жыйында билдиргенин Tengrinews.kz сайты жазды.

Маалыматта издөө үчүн жөнөтүлгөн аскер альпинисттер жоголгон мекендештеринин изин да таппагандыктан артка кайтканы айтылат.

"Из жок. Тепловизор менен караганда да натыйжа бербеди. 21-августта Жеңиш чокусунун айланасында аба ырайы начар болду. Күндүн ачылышын күтүп, 22-августта жөнөп кетишкен. Тилекке каршы, майнап чыккан жок. Кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан издөө иштерин токтоттук", — деп айткан Пивцов.

Альпинист на соревнованиях - Sputnik Кыргызстан
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
Маалымат жыйынга жоголгон альпинист Мурат Отепбаевдин жубайы Шахаризада Шахбутова катышып, эки өлкөнүн тең мамлекеттик органдарына ыраазычылык билдирген. 

"Оор шарттарга карабай мүмкүн болбогон иштерди жасашты. Жардамга кол сунгандардын баарына чоң рахмат! Биз баары бир үмүтүбүздү үзбөйбүз, алардын кайтып келерин ишенүү менен күтөбүз", — деп айткан жубайы.

Казакстандык альпинисттер 19-август күнү жоголгон. Алар Жеңиш чокусунда (6600 метр бийиктикте) "капканга" түшүп калганы айтылган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги альпинисттер акыркы жолу 15-августта байланышка чыкканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0