Mercedes-Benz S-класс унаасы. Архив

Бишкекте терезелери караңгылатылган кортеж элдин кыжырын кайнатты. Видео

684
(жаңыланган 19:53 23.08.2019)
Милиция жол эрежесин бузгандарга чара көрүлөрүн убадалады.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкекте терезелери караңгылатылган кортеж жолдогу башка унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш бүгүн, 23-августта, Түштүк магистралдагы Асанбай кичи району тарапта болгон. Кадрдан унааларда жигиттер баратканын көрүүгө болот.

"Кортеж башка айдоочулардын кыжырын кайнатты. Мен 102 номерине чалып, чара көрүүнү өтүндүм. Милициядан ал жакка инспекторлор кеткенин айтышкан", — деди күбө.

Sputnik агенттиги окуянын видеосун ЖКККБга жөнөттү, алар өз учурунда чара көрүлөрүн убадалашты.

684
Белгилер:
кортеж, Бишкек
Тема боюнча
"Коопсуз шаардын" алкагында дагы 306 камера орнотулат. Даректери