Жалал-Абад — Маданият жолунун курулушу сентябрда башталат

Жазылуу
Жол Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан бериле турчу насыянын эсебинен курулат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 507-574-чакырымдарындагы Маданият — Жалал-Абад участогун оңдоо иши сентябрь айында башталат. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Аталган жол Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан бериле турчу насыянын эсебинен оңдолот.

"Буга чейин Евразия өнүктүрүү банкы баштапкы эсеп документтер изилденип бүткөнгө чейин аталган долбоор үчүн инвестициялык кредит бөлүнбөй турганын Каржы министрлигине кабарлаган. Бүгүнкү күндө Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан бардык талаптар аткарылды. Ушул жылдын сентябрь айында каражат бөлүнөрү күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Узундугу 67 чакырымга созулган жолду азербайжандык AZVIRT компаниясы курат.

Жаңылыктар түрмөгү
0