Курсан Асановдун жансакчысы кармалды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жансакчы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жансакчысы кармалды. Ал бир эле убакта айдоочусу да болуп иштечү экен. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Маалыматка караганда, ал кечээ, 23-августта кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кайсы иш боюнча шектелип жатканы азырынча белгисиз.

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кашкар Жунушалиевди колдогон Instagram баракча ачылды. Эл таң калууда
Юрист Канат Хасанов жансакчыга адвокат болууга макулдугун бергенин билдирди. Ал иш менен Аскер прокуратурасына барып таанышкандан кийин айта турганын маалымдады.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен 13-августта ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган.

Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда ал акча жана баалуу буюмдарын Асановго берген деген шек менен Аскер прокуратурасы тинтүү жүргүзгөн.

Андан көп өтпөй Асановду жактап жаткан адвокат Икрамидин Айткулов алдамчылык беренеси боюнча шектелип кармалган. Соттун чечими менен эки айга үй камагына алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0