Сотрудник Фармацевтической компании кыргызстанца Рахима Бабаева во время работы

Кыргыздын бул чөбүн чет элдиктер баса калып сатып алышат. Ишкердин баяны

2232
(жаңыланган 17:29 24.08.2019)
Асель Минбаева
"Бала чакта суук тийип калса, энелерибиз кызыл мыянын тамыры менен эле бутка тургузуп койгонун эстейт чыгарсыз?.. Эми ошол дары чөптүн тамырын азыр Америкага сатабыз, океандын ары жагында бул азык токоч жана башка мешке жабылган азыктарга кошулат. Алар биздин кызыл мыяны жапырт сатып алышат", — дейт Кыргызстандагы дары-дармек заводунун башкы директору Рахим Бабаев.

Рахим Бабаев — өлкөдөгү медициналык препараттарды өндүргөн 13 ишкердин бири. Ал жетектеген заводдо жүз чакты киши эмгектенет, кийик от жана балдар үчүн витаминдерден тарта эң зарыл дары-дармектерге дейре чыгарылат.

Кыргыз өндүрүшүндөгү таблетка жана суюк аралашмалар АКШ, Европа жана КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. "Жарандарыбыз үчүн сырттан келген дары-дармектерден 20-30 пайызга арзан чыгарабыз. Бөркүңүздөй көрүңүз, алардын сапаты чет өлкөдө өндүрүлгөндөрдөн дегеле кем калышпайт", — деп ынандырат ишкер. Рахим Бабаев Кыргызстанда сейрек кездешчү тармакта ийгилик жарата алганы туурасында кенен маек куруп берди.

Президент Ассоциации фармацевтической промышленности Рахим Бабаев
© Sputnik / Дильноза Алымова
Рахим Бабаев — өлкөдөгү медициналык препараттарды өндүргөн 13 ишкердин бири

— Өзүңүз тууралуу билсек адегенде.

— Алыскы Баткен облусунун Чек айылында төрөлгөм. Ошол убактын бардык жигиттериндей эле мектептен соң армияга кеттим. Жолдуу экенмин, биздин аскердик бөлүк Москвада жайгашкан эле. Ал жакка чейин жеткенден кийин эмнеге ошол калаада билим алсам болбосун дедим.

Мыкты деп саналган Тимирязев айыл чарба академиясын аяктадым. Ага өтүш үчүн конкурс укмуш болгон.

— Алыскы бир айылдык жигитти Москвада билим алуу кандай кыйынчылыктарга тушуктурду?

— Мурда алда канча жеңил эле. Бай, кедей деген жок. Ата-энемдин пенсионер экенине адамдар карачу эмес, сабактан соң иштеп акча тапчумун.

— Колуңузга диплом тийгенде Москвада калып калдыңызбы анан?

— Ооба, төрт жыл Кыргызстандын элчилигинде иштедим, андан кийин ишкерликке өттүм. Ошол башаламан 90-жылдарды баарыбыз тилдей эскергенибиз менен көп адамдарда бутка турууга дал ошол маалда мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Криминалдын азабын мен да тарттым. Мисалы, биз бир убакта жүк ташуучу машиналарды алып, Бишкектен Москвага жүк ташуу менен алектенгенбиз. Бардык кан жолдорду рэкетирлер өз ара бөлүп алышкан.

Бир жолкусунда машинада өзүм да бар элем. Бандиттер жүк ташуучу унаанын айдоочусуна тапанча такай коркутуп токтотту. Акчабыздын баарын тартып алышкан жок, барар жерге чейин жетерлик кылып калтырышты.

Президент Ассоциации фармацевтической промышленности Рахим Бабаев во время беседы на радио Sputnik
© Sputnik / Дильноза Алымова
Бабаев жетектеген заводдо жүз чакты киши эмгектенет, кийик от жана балдар үчүн витаминдерден тарта эң зарыл дары-дармектерге дейре чыгарылат

— Витамин жана дары-дармек өндүрүш тармагына эмнеге ыктадыңыз?

— Ушундай завод ачып иштеткен россиялык ишкерлер менен тааныштым, ийне-жибине чейин сураштырдым. Акырындап биринчи цехти ишке киргизүүгө жетерлик каражат топтодум. Бул өндүрүштү ачууга беш жыл камындым.

Балким, бул кызыктай угулар, бирок мен завод дал Кыргызстанда жайгашышын кааладым. Ушундай болушун туура көрдүм.

Кудай жалгап биздин Медициналык академиянын фармакологиялык факультетинин деканы Антонов Владимир Иванович менен таанышып калдым. Ал киши биздин технологубуз болду. Ошентип, 2003-жылы завод ишке кирди.

— Эмне өндүрө баштадыңыздар?

— Витаминдерди чыгардык. Анүчүн жергиликтүү тургундардан дары чөптөрдү сатып алдык. Баса, алар бүт дүйнөдө өтө бааланат. Себеби, бийик тоолуу жер жана аба ырайынын салкын тартып турушу ал жакта өскөн өсүмдүктөр чыдамкай келишет, алардын күчү ушунда.

Фирмалардын көпчүлүгү кыргыз дары чөптөрүн чет өлкөгө экспорттоо менен алектенет. Айрыкча, биздин боз күбөң (ромашка) менен теңге гүлдү (календула) көп алышат. Айтмакчы, ушул тапта Европада биздин кызыл мыянын тамырына талап күч.

Аны совет убагында суук тийгенде пайдаланышкан, ал эми азыр кызыл мыя таттуу татымал катары колдонулат. Өзүңүздөр билгендей, азыр дүйнө жүзүндө шекер жегенди азайтып, табигый кантты тандашууда. Дал ушул себептен, кыргыз кызыл мыясын Батышта токоч жана печеньенин таттуу, ошол эле убакта пайдалуу азык болушу үчүн колдонушат.

Работа фармацевтической компании кыргызстанца Рахима Бабаева
© Фото / Владимир Трифонов
Бабаев: ушул тапта Европада биздин кызыл мыянын тамырына талап күч

— Менин чоң атам Санкт-Петербургда жашаган. Инсультка кабылганда питерлик докторлор дал кыргыздын кийик отун (мумие) тапкыла дешкен экен. Чындап эле ал ушунчалык бааланабы?

— Ооба, биз кийик отту Германия, АКШ, Түркия, Чехия, Хорватия, анан албетте, мурдагы СССР өлкөлөрүнө экспорттойбуз. Өсүмдүктүн кийик отко айланышына кылымдар керек. Анын чийкиси аскалардан, эң бийик тоолордон чогултулат.

— Аны элден сатып аласыздарбы?

— Ооба, анткени биздин эл тоого көп чыгат, кийик оттун көбүн бизге чабандар алып келишет. Биздин тоолордо дээрлик кийик от калбай калды деген да аңыз бар. Кептин ачыгы, ал чындап эле бизде аз, бирок жок эмес.

Андан соң биз ал затты кум аралашкан топурагынан тазалап, таблетка жасап, кутуга салабыз. Бир пачкасынын баасы 50 центтен башталат.

— Кыргыз өндүрүшүндөгү товар менен батыш рыногуна чыгуу кол жеткис кыял экенин биздин ишкерлерден көп угам.

— Ооба, кыйынга турду. Беш жылча камындык. Анан чет элдик ишканалар өздөрү кызматташууну сунуштай башташты.

Работа фармацевтической компании кыргызстанца Рахима Бабаева
© Фото / Владимир Трифонов
Кыргыз өндүрүшүндөгү таблетка жана суюк аралашмалар АКШ, Европа жана КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт

— Дары-дармектин өндүрүшү боюнча жагдай кандай?

— Азыр бизде дарынын 50нүн тегерегиндеги түрү бар, алардын 20сы жашоого эң абзел каражаттар. Антигриппин, фолий кычкылы, суук тийүүдөн тарта жүрөк-кан тамыр ооруларына дейре колдонулчу дарыларды чыгарабыз.

— Бир нерсени тактап алгым келет: эмнеге мен дарыканага кирип, антигриппинди сурасам, чет жерде өндүрүлгөнүн сунушташат?

— Бул ушундай амал. Албетте, фармацевттин маянасы түшкөн пайдага жараша эсептелет. Дал ошондон улам ал биздин кыргыз дарысын эмес, кымбатыраагын саткысы келет. Биз ошол эле дарыларды чыгарабыз, болгону алар 20-30 пайызга, кээде бир нече эсеге арзан түшөт. Ошондуктан дайым атамекендик өндүрүмдү сураңыз!

Маселен, микробго каршы кеңири белгилүү бир "Т" тамгасынан башталган препарат бар. Баасы – 50 сом. Андагы негизги таасир этчү "М" заты үч сомдон сатылат. Экөө бирдей эле дары, тек гана биринчисинин аталышы үчүн эле кымбатка сатып аласыз.

— Балким, сапаты башка болуп жүрбөсүн? Карапайым киши кыргыз дары-дармегинен Германияныкын өйдө көрөт да.

— Бардык дары субстанциялардын 95 пайызын Индия жана Кытайдагы химиялык заводдордо өндүрүшөт. Дарынын кайда чыгарылганы, Россиядабы, Кыргызстанда же АКШдабы, мааниге ээ эмес, алардын өзөгү бир! Албетте, технологиялык өзгөчөлүктөрү бар, бирок негизинен эл бренд үчүн гана ашыкча акча төлөйт.

Работа фармацевтической компании кыргызстанца Рахима Бабаева
© Фото / Владимир Трифонов
Бабаев: кыргыз кызыл мыясын Батышта токоч жана печеньенин таттуу, ошол эле убакта пайдалуу азык болушу үчүн колдонушат

— Биздин врачтар фармакологиялык компаниялар менен тымызын макулдашып иштешет деп айта алабызбы?

— Бул эч кимге жашыруун эмес. Негизинен, кеп баасы кымбат дары-дармектер туурасында. Биз андайларды чыгарбайбыз, бизде дарынын эң кымбаты 300-400 сомдон сатылат.

Врач бейтапка бренддик эмес, эл аралык, патенттелбеген дарыны жазганы оң. Жогоруда айткандай, бирдей эле дары 30 сом да болушу мүмкүн, ал эми анын аты кеңири жайылган түрү 500 сомго сатылышы ыктымал.

— Бир курбума доктур 7000 сом турган БАК — биологиялык активдүү кошулманы жазыптыр. Ал ичеги-карын ооруларына жардам берет имиш.

— Келиңиз, талдап алалы, БАК деген эмне? Бул концентрацияланган экстракттар. Сиз бир килограмм апельсинди пайдалуу болгону үчүн жесеңиз да болот, ошол эле учурда бир таблетка ичип, бардык зарыл витамин жана микроэлементтерди алсаңыз да болот.

Батыш өлкөлөрүндө БАК пайдалануу маданияты бар, организмди чыңдоо үчүн бул кадыресе адат. Бирок экинчи жагынан айрым уят-сыйытсыз жолдоштор аларды керемет касиети бар дарыдай жарнамалашат. БАК оор кеселдерден айыктырбайт, алар болгону организмди бекемдейт.

Работа фармацевтической компании кыргызстанца Рахима Бабаева
© Фото / Владимир Трифонов
Бабаев: бизде дарынын эң кымбаты 300-400 сомдон сатылат

— Азыр врачтар кыргызстандыктар турмуш шарттарынан жана азыктануу адаттарынан улам йод менен темир таңсыктыгы курч экенинен коңгуроо кагышат. Жарандарыбызга дагы кандай витаминдер жетишсиз?

— Айыл жергесинде бул көйгөй өзгөчө курч. Ал жакта толук кандуу тамактанышпайт, көпчүлүк балдар негизинен нан эле жешет. UNICEF менен биргеликте А, В, С витаминдери, темир камтылган витаминдик комплекстерди чыгара баштадык. Алар 6 айдан эки жашка чейинки наристелерге берилет, кыргызстандыктардын капчыгын какпай тургандай да баада.

Андан тышкары, биз унду темир, фолий кычкылы, цинк, В витамин тобу менен байытуу үчүн витаминдик препараттарды өндүрөбүз.

— Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алгансыздар да, туурабы?

— Ооба. 2015-жылы алардын адистери өздөрү бизге жакшы шарт менен жылдык үстөгү 5 пайызды түзгөн насыя сунушташты. Биз кубанып макул болдук. Фондго аябай ыраазымын, анткени башка андай пайдалуу насыя Кыргызстанда жок.

Ошол өнүктүрүү фондунан дагы бир насыя алып, өндүрүштү кеңейтүүнү пландоодобуз. Ийне үчүн эритмелерди жана ампулаларды чыгарууну ойлонуп жатабыз. Биздин рынокто жапырт колдонулган — глюкоза, димедрол, натрий хлориддин эритмеси өңдүү препараттарды чыгармакчыбыз.

Президент Ассоциации фармацевтической промышленности Рахим Бабаев
© Sputnik / Дильноза Алымова
Бабаев: учурда А, В, С витаминдери, темир камтылган витаминдик комплекстерди чыгара баштадык

— Ушул дары-дармектер менен биздин ооруканаларды жабдый аласыздарбы?

— Ооба, азыр деле жеткиребиз. Тилекке каршы, мамлекеттик сатып алуулар дайым эле ачык боло берчү эмес, бирок бүгүнкү күндө алда канча жеткиликтүү болуп калды.

Жакында эле атамекендик өндүрүшчүлөргө көмөк көрсөтүүгө үндөгөн жаңы мыйзам чыкты. Мурда товардын арзанына артыкчылык беришчү. Азыр атаандаш товардын баасынан 20 пайыздан ашпаган атамекендик өндүрүмгө басым жасалууда. Мисалы, чет жерде чыккан дары 100, ал эми биздики 120 сом дейли. Демек, мамлекет бизден чыкканын сатып алууга милдеттүү, бул туура аракет, себеби, сатып алууга жумшалган акча да сыртка чыкпастан, Кыргызстанда калат.

Ансыз да өлкөдө дары-дармек рыногунун 98 пайызын чет өлкөлүк компаниялар ээлейт. Өлкөдө дары-дармек чыгарган 13 гана өндүрүшчү бар, жалпылап рыноктун эки гана пайызын жаба алабыз.

— Бизнестин башатындагы ишкерлерге кандай кеңеш бермекчисиз?

— Эч качан укмуштай акча күтпөңүздөр. Өндүрүш — дымагыңызды тизгиндей турган тармак.

Эң башкысы — көңүлүңүзгө төп ишти тандап алыңыз. Жашоодо эмне менен алектенериңизди так билсеңиз, эч качан кол куушуруп отуруп калбаңыз. Эгер тырышып иштеп, сабырдуу боло алсаңыз, эртеби-кечпи оюңузду ишке ашыра аласыз.

Бактыгүл Аскералиеванын баянына да көз жүгүртүңүз. Бир кезде агроном болууга анчалык көңүлсүнбөгөн ишкер кыз бул кесипти таштап койбой өздөштүрүп алганына сүйүнөт. Ушул тапта ири суммадагы акча айланган иш башында.

2232
Белгилер:
маек, оорукана, ишкер, Кыргызстан, дары-дармек
Тема боюнча
Миллиондор айланган бизнес түптөдүм. Сейрек кесип ээси Бактыгүлдүн ийгилиги
700 долларга эч ким иштебейт. Кыргызстандык ишкердин Гуанчжоудагы турмушу