Кыргызстанда кимдердин айлыгы тездик менен өсүп жатат. График

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в КР
Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тармактардагы айлык акынын көрсөткүчү 2014-жылдан бери карай салыштырылды. Жалпы өлкө боюнча маяна төрт миң сомго көтөрүлгөн. Бирок айрым тармактарда бул көрсөткүч бир кыйла жогору болсо, кээсинде абдан эле төмөн.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 19 тармакта иштегендердин 2014-2018-жылдар арасындагы айлык акысын салыштырган.

Графиктен айлык акынын кандай өзгөргөнүн көрө аласыздар.

Конференция Современные векторы образования Кыргызстана в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев октябрда мугалимдердин айлыгы көбөйөт деп убадалады
Аталган убакыт аралыгында айлык акы төрт миң сомго жогорулаган. Анын ичинен бир нече тармакта маяна тездик менен көбөйгөнү байкалат. Алар — кен казуу (дээрлик 11 миң сом), электроэнергия тармагы (10 миң сомдон жогору), маалымат жана байланыш (дээрлик 9 миң сом).

Ошентсе да каржы ортомчулугу менен алектенгендердин айлыгы 34 миң сомго өскөн. Белгиленген мөөнөт ичинде алардыкы 7 эсе көбөйгөн.

Айлык акы жогорулабаган тармактардын ичинде маданият, көңүл ачуу жана эс алуу тармагы бар. Тескерисинче, бул тармакта иштегендер 600 сомго аз айлык алып калышкан. Бул жаатта иштегендердин эң төмөнкү маянасы 8,6 миң сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0