Көчөт отургузуу боюнча соцтармактын нааразычылыгына мэрия жооп берди

© пресс-служба мэрии города БишкекПосадка деревьев на улице Токомбаева в Бишкеке
Посадка деревьев на улице Токомбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы паркка бак тиккиси келгендер алгач көчөт сатып алышы керек. Социалдык тармактын колдонуучулары мэрия көчөттөрдү алар сунуштаган гана компаниядан сатып алууну талап кылып жатканына нааразычылыгын билдирди.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бак отургузуу боюнча акциянын алкагында көчөттөрдү каалаган өндүрүүчүдөн сатып алса болот, башкысы мүнөздөмөсү талаптарга жооп бериши кажет. Бул тууралуу "Бишкекжашылчарба" муниципалдык мекемесинин маалымат катчысы Аида Айдаралиева билдирди.

Эске салсак, акциянын алкагында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги паркка көчөт отургузса болот. Сейил бактын жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Долбоор боюнча 1800 бак-дарак отургузулары айтылып, иш-чара болжол менен 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин өтө турганы белгиленди.

Социалдык тармактын колдонуучулары мэрия көчөттөрдү алар сунуштаган гана компаниядан 5-10 миң сомго чейин сатып алууну талап кылып жатканына нааразычылыгын билдиришкен.

"Биз питомниктердин атын атаган эмеспиз. "Бишкекжашылчарбага" көчөттөр кайдан алынып жатканы баары бир, керек болсо башка облустан алынып келсин. Болгону көчөттөр коюлган талаптарга жооп берсе болду. "Бишкекжашылчарба" эч кимди көчөт сатып алгыла деп мажбурлабайт. Кызыккандар өздөрү чалып сурап жатат. Көпчүлүгү алдын ала чалып, көчөт тиге турган жерин ээлеп коюшту", — деди Айдаралиева.

Строительство парка на пересечении Южной магистрали и проспекта Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жаңы паркта Disney каармандары пайда болду. Сүрөттөр
Ал ошондой эле жергиликтүү питомникте көчөттөр 150-300 сомдон экенин кошумчалады.

Жаңы паркты жашылдандыруу долбоорун "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык мекемесинин адистери даярдаган, ал эми бак-дарактардын тизмеси Улуттук илимдер академиясынан каттоодон өткөн.

Маалымат катчы бак-дарактарга кандай талап коюлганын санап берди:

  • жоондугу 10-14 сантиметр;
  • бийиктиги 3-5 метр;
  • сөңгөгү түз болушу керек;
  • көчөттө 5-7 бутак өсүп чыгышы керек жана ооруга чалдыккан белгилери болбошу кажет;
  • саткан компаниянын тийиштүү документтери, чек жана бирканын болушу зарыл;
  • бактын оорубай турганы боюнча фитосанитардык сертификаты болууга тийиш;
  • көчөткө бир жылдык кепилдик берилиши зарыл.

Көчөттү сатып алар алдында анын сүрөтүн (0709) 39-99-77 жана (0770) 04-88-88 номерлери аркылуу WhatsApp-номерге салуу кажет.

Жаңы паркта отургузула турчу бактардын тизмеси:

  • Каштан — 142 даана;
  • Чыгыш чынары — 56 даана;
  • Липа — 119 даана;
  • Мажүрүм тал — 265 даана;
  • Ийне жалбырактуу зараң — 102 даана;
  • Ийне жалбырактуу зараңдын кызыл түрү — 16 даана;
  • Ийне жалбырактуу зараңдын ала-була түрү — 16 даана.
Жаңылыктар түрмөгү
0