Этнофестиваль. Архивдик сүрөт

Жаңы ипподром, этнофестиваль, спорттун 10 түрү. Көчмөндөр оюнуна даярдык күч

251
Таласта 2000 орундук ипподром курулуп жатканы белгиленди.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Талас облусундагы улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрда башталат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Бишкекте оюндарга даярдык боюнча маалымат жыйын өткөн. Анда Спорт агенттигинин орун басары Канатбек Арпачиев мелдештер алгач 16-сентябрь күнү Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ипподромдо баштала турганын билдирген. Оюндар 21-сентябрда жыйынтыкталат.

"Иш-чарага даярдык башталды. Учурда өлкө аймагынан командалар топтолууда. Улуттук спорт бизде жакшы өнүккөнү маалым. Мелдештин максаты — улуттук спорттун ордун бекемдөө жана жайылтуу", — деген Арпачиев.

Оюндун программасына мелдештин 10 түрү — ордо, тогуз коргоол, эр эңиш, көк бөрү, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, кыргыз күрөш, алыш күрөшү жана салбуурун кирди.

Байгелүү орундарды алган спортчулар кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болору айтылат.

Ошондой эле оюндун алкагында этнофестиваль өткөрүлөт. Мындан тышкары, Таласта 2000 орундук ипподром курулуп жатканы айтылды.

Эске сала кетсек, быйыл президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда жыл сайын Көчмөндөрдүн республикалык оюндары ар кайсы облустарда өткөрүлө турганын жар салган. Ага ылайык, биринчи оюндар Талас облусунда сентябрдын этегинде өткөрүлүп, андан кийин эстафета башка облустарга узатылмак болгон.

Ал эми Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары былтыр Ысык-Көл облусунда өтүп, ага 60 мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Кыргызстан эстафетаны Түркияга өткөрүп берген.

251
Белгилер:
мелдеш, этнофестиваль, даярдык, Улуттук көчмөндөр оюндары, Талас
Тема боюнча
Кыргызстандыктар Венгрияда боз үй тигип, улуттук маданиятты даңазалашты. Сүрөт