Ноутбук менен окуган окуучулар. Архивдик сүрөт

Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат

162
Министрлик Дүйнөлүк банк жана Евробиримдик менен жаңы долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. 2020-жылга карата Кыргызстандагы мектептерди 100 пайызга компьютер менен камсыздоо пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, министрлик Дүйнөлүк банк жана Евробиримдик менен жаңы долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул иштердин бардыгы "Жаңы мектеп — келечектин мектеби" аттуу билим берүү концепциясынын алкагында ишке ашырылат.

"Учурда мектептерге интернет коюу боюнча иштер аяктап калды. Жаңы окуу жылына карата өлкөдөгү бардык мектептердин 94,7 пайызы интернетке туташат", — деп айтылат маалыматта.

2017-жылдан тарта өкмөттүн республикалык бюджеттен бөлгөн каражатына мектептерди санариптештирүү иштери башталган.

Бүгүнкү күнү 2 106 мамлекеттик мектепке интернет коюлду. Дагы 31 мектеп спутник байланышы аркылуу дүйнөлүк желеге кошулат.

162
Белгилер:
Кыргызстан, билим берүү, интернет, мектеп
Тема боюнча
Министрлик кайсы мугалимдердин айлыгы көбөйөрүн түшүндүрүп берди
Кыргызстанда 1-сентябрга чейин 660 мектеп интернетке туташат
Ирандык Абольфазл Сабер Мохтаринин бардык нерсени денесине жабыштырып алуу өзгөчө жөндөмү бар. Ал муну акыл-эсин башкаруу менен жасай аларын айтат.

Кашык, капот, бадыраң... Буюмдарды денесине жабыштырган кишинини видеосу

8
(жаңыланган 18:09 26.09.2020)
Ирандык Абольфазл Сабер Мохтаринин бардык нерсени денесине жабыштырып алуу өзгөчө жөндөмү бар. Ал муну акыл-эсин башкаруу менен жасай аларын айтат.

Тегерандын 51 жаштагы тургуну бала чагында эле мындай жөндөмү бар экенин билип, бирок көп жылдар бою колдонбой келген. Кайрадан баштоосуна кызынын индиялык жигит кашыктарды денесине чаптап алган виедоклипти көрсөткөнү себеп болгон.

Ташчайнар тиши менен тартчу эле... Тарбалаңдап МАЗ сүйрөгөн жигиттин видеосу

Абольфазл журналисттерге автоунаанын капотун, жумшак оюнчук, бадыраң, кашык жана башка түрдүү нерселерди денесине жабыштырып алганын көрсөтүп берген. Видео Ruptly YouTube каналына жарыяланды.

Өнөр ээси эч кандай жабыштыргыч зат колдонбой турганын белгилейт.

8
Белгилер:
капот, өнөр, Иран
Тема боюнча
Арабдарды тиши менен көтөрүп эсин оодарган Ташчайнар. Camel Fest видеосу
Жалал-Абаддагы "магнит баатыр": темир, кагаз, буюмдар денеге жармашканда
Сан-Сальвадордогу коронавирустан каза болгондор үчүн даярдалган көрүстөн. Архивдик сүрөт

ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн

13
(жаңыланган 17:57 26.09.2020)
ДССУнун өкүлү бүгүнкү күндө вакцинаны каржылоо, өндүрүү жана ага баа берүү негизги көйгөй болуп жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцина калың элге жеткиликтүү болгонго чейин бул оорудан дүйнө боюнча эки миллион адам көз жумат деген маалыматты четке кага албайт. Бул туурасында ДССУнун саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан брифингде билдирди.

Ал ушул тапта вакцинаны каржылоо, өндүрүү жана ага баа берүү негизги көйгөй болуп жатканын белгилеген.

"Албетте, муну элестетүү кыйын, бирок андан кача албайбыз. Себеби биз тогуз айда миллион адамды жоготтук, вакцинанын калың элге жайылышына дагы тогуз ай кетерин болжоп жатабыз", — деди Райан "вакцина жалпы массага жеткенге чейин өлгөндөрдүн саны эки миллионго жетиши мүмкүнбү?" деген суроого жооп берип жатып.

ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты

Ошондой эле ал ооруканага жаткырылган бейтаптардын арасында каза болгондор азайып калганын белгиледи. Дүйнө эли массалык өлүмгө жол бербөө үчүн артта калган тогуз айдан сабак алышы керектигин кошумчалады.

13
Белгилер:
өлүм, коронавирус, вакцина, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Вирус боюнча тараган жалган маалымат менен күрөшөлү. ДССУ жана БУУнун чакырыгы
Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү