Транспорт министрлиги айланма жолго акы алууну сунуштады

Жазылуу
Руль башкаргандардын жол үчүн канча сом төлөй тургандыгы айтыла элек.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Чүй облусундагы айланма жолду акы төлөп жүргөн жол кылуу сунушу киргизилип жаткандыгын Транспорт жана жол министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык акча төлөп пайдаланган автожолдор жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашылып, өкмөттүн аппаратына сунушталган.

Реконструкция объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдөгү жолду оңдоого кеткен чыгым 2 млрд. сомго өстү
Министрликтин билдиришинче, акы төлөгөн тунгуч сынамык жол катары Бишкектеги 73 чакырымдык — Алматы көчөсүнөн тарта Чым-Коргон айылына чейинки айланма трасса сунушталууда.

2010-жылдын башынан тарта анын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо башталат. Руль башкаргандардын жол үчүн канча сом төлөй тургандыгы айтыла элек.

Мыйзамдын долбооруна таянсак, альтернативасы бар, жалпы колдонуудагы жолдор акы төлөгөн жол болушу мүмкүн. Алардын аралыгы биринчи жолдон эки эсе узун болбошу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0