Кой-Ташта башына таш тийген Самат Курманкуловдун абалы жакшыра баштады

© Фото / пресс-служба ГУВДЧүй облустук милициясынын начальниги Самат Курманкулов. Архив
Чүй облустук милициясынын начальниги Самат Курманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук милициянын башчысы Москвада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кой-Таштагы операция учурунда жаракат алган Чүй облустук милициясынын начальниги Самат Курманкулов өзүнө келе элек, бирок абалы жакшырууда. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Облустук милициянын башчысы Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунда дарыланып жатат.

"Бүгүнкү күндө Самат Курманкуловдун абалы оор, бирок дарыгерлердин билдирүүсү боюнча жакшы жакка жылыш бар. Өз алдынча дем алуусу жана неврологиялык белгилери (сырткы нерселерге реакция жасоо) калыбына келе баштады. Дарылануусун тиешелүү тартипте улантууда", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0