Кытайдын Оштогу Башкы консулдугу ишин токтотту. Себеби эмнеде?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Китай
Страны мира. Китай  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Консулдуктун качан иштей баштары так эмес.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кытайдын Ош шаарындагы Башкы консулдугу ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень маалымдаганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

28-августта тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Ду Дэвень менен жолуккан.

"Элчи дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишин жакшыртуу үчүн Кытай тарап Оштогу Башкы консулдуктун ишин убактылуу токтотконун билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Экс-министр иностранных дел Кыргызстана Аликбек Джекшенкулов  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Элчи: Россияда камалган кыргыздын 90 пайызы бири-бирине жамандык жасагандар
Башкы консулдуктун иши жанданганга чейин консулдуктун кызматы Бишкектеги элчиликтен көрсөтүлөт. Дипломатиялык өкүлчүлүк ишин качан баштары так айтылган эмес.

Айта кетсек, 2019-жылдын август айынын башында Кытайдын элчилиги Солтон-Сарыдагы чыр-чатактан улам билдирүү таратып, кыргыз бийлигине бир нече талап койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0