БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү дем алышка туш келгендиктен салыкты төлөө мөөнөтү дүйшөмбү күнү, 2-сентябрда, аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Буга чейин транспорт салыгын төлөөнүн акыркы күнү 1-сентябрь экени кабарланган болчу.
"Ушул эле күнү турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (үй алдындагы, короо-жай жанындагы бактуу-чарба жер участоктору) салыктарын да кабыл алуу аяктайт. Салык органдары кезметчилик графигине ылайык 2-сентябрга чейин, анын ичинде дем алыш жана майрам күндөрү да иштешет", — деп айтылат маалыматта.
Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот. Кеңири маалыматты 1240 телефон номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга мүмкүн.
Транспорт үчүн канча салык төлөй турганыңызды Sputnik агенттиги даярдаган ыңгайлуу калькулятор менен эсептеп алыңыз.