Жээнбеков: Бишкекке спорт ордосу жана эки стадион салынат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСтадион. Архив
Стадион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө курулуш үчүн 30 гектар жер бар экенин айтты.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке дагы бир спорт сарайы менен стадиондор салына турганын жаңы парктын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, парк Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Абсамат Масалиев көчөсүнүн кесилишине курулган.

"Бош жерге футбол жана хоккей стадиону салынат. Андан сырткары, спорт ордосу, мейманкана жана бизнес-борборлор курулмакчы", — деди Жээнбеков.

Президент Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө 30 гектар жер бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0