Толук аялдар кош бойлуу кезинде көп кыймылдашы керек. Адис себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБеременная двойней Яна Сухорукова
Беременная двойней Яна Сухорукова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боюна бүткөнгө чейин жана кош бойлуу кезде күнүнө 20 мүнөттөн чуркаган келиндер келечектеги баланы ички органдардын ар кандай илдеттеринен сактап калат.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Толук аялдар дени сак бала төрөгүсү келсе кош бойлуу кезде көп кыймылдап, колдон келсе спорт залга барып турса болот. Мындай жыйынтыкка Кембридж университетинин (Улуу Британия) окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды. 

Боюна бүткөнгө чейин жана кош бойлуу кезде күнүнө 20 мүнөттөн чуркаган келиндер келечектеги баланы ички органдардын ар кандай илдеттеринен сактап кала алат. Жүгүрүү түйүлдүктүн канындагы канттын деңгээлин дагы нормадан ашырбай кармап турат.

"Болочоктогу энеде ашыкча салмак бар болсо, көбүрөөк кыймыл аракетте болгону жакшы. Анткени кыймыл кан айланууну жана зат алмашууну жакшыртат. Мындай учурда түйүлдүк өзүнө жетиштүү витамин алып, кийин ар кандай оорулардан оолак болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Адистердин айтымында, эненин ашыкча салмагы кийин баланын кант диабетине же ички органдардын коркунучтуу илдеттерине алып келиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0