Мектепке бара жаткан окуучу. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда беш жылда канча бала мектепке жана бакчага барды? Статистика

121
(жаңыланган 11:09 01.10.2019)
2014-жылга салыштырмалуу 2018-жылы бакчага баргандар 1,3 эсеге, ал эми мектепке баргандар 21 пайызга көбөйгөн.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2014-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта бала бакча жана жалпы билим берүү мекемелерине канча бала барганын анализдеп чыкты.

Статкомдун маалыматына ылайык, 2014-жыл менен салыштырганда өлкөдө бакчага барган балдардын саны 1,3 эсеге өскөн. Алардын саны 2018-жылы 197 миңден ашкан.

Ал эми мектепке баргандар беш жылда 21 пайызга көбөйгөн.

"Өлкөдө 2018-2019-окуу жылында күндүзгү жалпы билим берүүчү 2265 уюм иштеди. Акыркы беш жылда аларда билим алган окуучулардын саны 21 пайызга өстү. Башкача айтканда, 1 миллион 268 миң баланы түзгөн. Алардын ичинен 623 миңи кыздар жана 645 миңге жакыны балдар", — деп жазылат маалыматта.

2018-2019-окуу жылында 143 миң окуучу биринчи класска кабыл алынган. Бул 2014-2015-окуу жылына салыштырганда 19 пайызга көп.

Статкомдун иликтөөсүндө кесиптик билим берүү уюмдарында окугандардын саны да жазылган. 2018-жылы республикада 98 кесиптик билим берүү уюму иштеп, ал жакта 30 миңге жакын адам билим алган. Жыл сайын мындай лицейлерди тогуз миңге чукул бүтүрүүчү аяктап, ал жактан орто билими тууралуу да аттестат алышат.

"Акыркы жылдары электромонтажник, автомеханик, электр газ менен ширетүүчү, кийим тигүүчү, айдоочу, слесарь, жыгач уста, ашпозчу, бухгалтер, улуттук буюмдарды даярдоочу кесипке кызыккандар көбөйдү",— деп жазылат билдирүүдө.

Статком кесиптик лицейлерди окуп бүтүргөн квалификациялуу жумушчулардын саны 2014-жылга караганда 2018-жылы 5 пайызга көбөйгөнүн кошумчалады.

121
Белгилер:
бала бакча, мектеп, окуу, кесип, статистика
Тема боюнча
Кылычбеков: мектеп жана бала бакчаларга 240 миң сом айып салынды
Кыргызстанда 48 миң бала электрондук кезек менен бакчага кирди
Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Рентген аппараттарын алуу маселеси чечилген эмес. Боронов министрликти сындады

7
(жаңыланган 15:20 06.08.2020)
Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында үймө-үй кыдыруу иш-чарасын күчөтүү тапшырмасы берилген.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов рентген-аппараттарын сатып алуу маселеси жетиштүү деңгээлде иштелип чыкпаганы үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин башында тургандардын ишин сынга алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында Ысык-Көл, Нарын облустарындагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык жабдуулардын, дары-дармектердин, жеке коргонуучу каражаттардын жетиштүүлүгү боюнча мониторингдин жыйынтыгы талкууланган.

Коронавирус жуктургандар көбөйүүдө! Штаб себебин айтып, эскертүү берди

"Боронов рентген аппараттарын сатып алуу маселеси жетиштүү деңгээлде иштелип чыкпаганы үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинин ишин сынга алды. Өкмөт башчы жогоруда айтылган маселени ыкчам тартипте чечип, сатып алуу процессин тездетүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Тармактык мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийлик органдарына баштапкы медициналык-санитардык жардам чөйрөсүндө адистердин дараметин көтөрүү, үймө-үй кыдыруу иш-чарасын күчөтүү тапшырмалары берилгени айтылды.

7
Белгилер:
сын, маселе, аппарат, рентген, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов эмдөө жана аймактарда ооруканаларды кеңейтүү боюнча тапшырма берди
Аэрофлот авиакомпаниянын Airbus A320  учагы. Архив

"Аэрофлот" бир нече шаарга августтагы каттамдарын токтотту. Ичинде Бишкек да бар

181
(жаңыланган 13:47 06.08.2020)
Буга чейин КРдин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы буга чейин пландалып, билеттер сатылып кеткен август айындагы бардык каттамдарын токтотту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Компания учууларды кайра токтоткон шаарлардын тизмесинен Бишкекти дагы көрүүгө болот.

"Аэрофлот" дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен август айына пландалган каттамдарын токтотуп турууга мажбур болду", — деп айтылат компаниянын түшүндүрмөсүндө.

Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.

Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат

Эске салсак, Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинен Кыргызстанда Россия менен аба каттамдарынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Чек ара жабылгандан кийин миңдеген адамдар сыртта калып, учурда алардын көбү үйүнө кайтууну көздөп турушат.

181
Белгилер:
пандемия, миграция, учак, каттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп