Көлдө жоголгон Асрандиев жээкке чыгуу үчүн канча чакырым ашыкча сүзгөнүн айтты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүСууда сүзүп бараткан адамдар. Архив
Сууда сүзүп бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун жетекчиси көлдөгү окуядан кийин ооруп калды.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Пландап жаткан аралыктан 10 чакырым ашыкча сүздүм. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине 31-август күнү Ысык-Көлдөн жоголуп кеткен Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиев айтып берди.

Өзү билдиргендей, ал түндүк жээктеги Чырпыкты айылынан түштүк жээктеги Кара-Талаа айылына сүзүп өтүүнү көздөгөн. План боюнча 25 чакырымдык жолду 13-14 саатта басып өтмөк.

"Аралыктын көпчүлүк бөлүгүн басып өткөндөн кийин бороон башталып кетти. Бирок мен Бар-Булак айылына чейин 35 чакырым сүздүм. Буга 19 саат кетти", — деди Асрандиев.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы кантип жоголуп кеткенин айтып берди
Өзү кошумчалагандай, үшүп калгандыктан бүгүн үнү бүтүп, дене табы көтөрүлүп турат.

Бул жолкусу ал Ысык-Көлдү үчүнчү ирет сүзүп өттү.

Белгилей кетсек, Асрандиевдин тууганы 31-августта саат 18:00дөр чамасында көлдө эки метрге жеткен толкун болгондон кийин аны таппай калышканын айткан. Эркин Асрандиев Чырпыкты айылынан Кара-Талааны көздөй сүзүп баратып Тору-Айгыр айылына келгенде жоголуп кеткен. Башкача айтканда, ал Ысык-Көлдүн түндүгүнөн түштүк тарабына сүзүп өтүүгө белсенген. Аны издөөгө бардык күчтөр тартылып, өкмөт башчы окуя жеке көзөмөлүндө экенин билдирген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0