Накануне в честь празднования Дня независимости Кыргызстана вечером был праздничный салют

Керемет! Бишкектеги майрамдык салюттун асмандан көрүнүшү

254
(жаңыланган 12:19 02.09.2019)
Фейерверк сегиз мүнөт бою атылды.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кечээ, 31-августта, Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүк майрамына карата салют атылды. Салтанат эртең менен башталып, кечки саат 22.00дө фейерверк менен аяктады.

Бишкектик сүрөтчү Михаил Дудин көз жоосун алган салютту дрондун жардамы менен тартып алган.

Мэриянын маалыматына караганда, фейерверк сегиз мүнөт бою атылып турду. Ага жалпысынан 500 миң сом сарпталган.

Кыргызстандыктар 31-август күнү эгемендүүлүктүн 28 жылдыгын белгиледи.

254
Белгилер:
салют, майрам, "Ала-Тоо" аянты, Михаил Дудин, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекти мындай деп ойлобойсуң! Жымыңдаган түнкү отторго оронгон шаардын видеосу
Оштун мындай сүрөттөрүн көрө элексиз. Көз талдырган 14 эмгек
Мурдагы вице-премьер, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталып жаткан Аида Исмаилова. Архив

Исмаилова: өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталды

103
(жаңыланган 12:32 28.10.2020)
Жыйында депутат Турускулов "бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну башталдыбы, ага даярдык кандай?" деген суроону узаткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну башталды. Бул тууралуу мурдагы вице-премьер, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталып жаткан Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анда депутат Жыргалбек Турускулов Исмаиловага: "Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну башталдыбы, даярдык кандай?" - деген суроону узаткан.

"Өкмөт азыркы убакта экинчи толкунга даяр, негиздеме түзүлгөн. Эми негиздеме боюнча иштеш керек. Кээ бир нерселер каражатка такалып жатат. Бирок өкмөт бул боюнча иш жүргүзүүдө. Даярдык жакшы", — деди Исмаилова.

Бирок Турускулов анын жообуна ынанбай, даярдык жок экенин айткан.

Исмаилова депутаттын "Республикалык штабды ким башкарып жатат?" деген суроосуна да тайсалдап так жооп бере алган жок.

"Республикалык штабды премьер-министр жетектечү. Ал жок болгон учурда биринчи вице-премьер, вице-премьерлер башкарчу. Бардык министрлер штабдын курамына кирет", — деди ал.

Бир суткада 538 киши коронавирус жуктуруп, 414 бейтап дартты жеңди

Исмаилова той-аштар экономикага такалган маселе болгондуктан токтотулбай жатканын айтып, бул боюнча биринчи вице-премьер Артём Новиков менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

103
Белгилер:
даярдык, толкун, коронавирус, Жыргалбек Турускулов, Аида Исмаилова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Аида Исмаилова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталууда
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев. Архив

ЖКККББнын жетекчи орун басары коррупцияга шектелип кармалды

448
(жаңыланган 12:03 28.10.2020)
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин пара алуу беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары С.Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ЖККББнын жетекчилик кызматтагы адамдары сый акы алганы боюнча коррупциялык схема аныкталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев бошотулат деген кептерге жооп кайтарды

Ведомстводо мындай инициалдарга туура келген бир эле орун басар бар. Ал - Сатыбалдиев Нур Рысканович. Сатыбалдиев бир жыл мурун Бишкекте түзүлгөн Кайгуул күзөт милициясына адамдарды жумушка алууда акча алып турган деп шектелип жатат.

Мындан сырткары, ал иштеп жаткан милиционерлерди кызматынан көтөрүү үчүн пара алып турганы кабарланды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

448
Белгилер:
пара, ЖКККББ, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ташиев: чек арадагы контрабанданы токтотуп, коррупционерлерди он эселеп төлөтөбүз
УКМК ЖЭБ кызматкерлеринин пара алган мыйзамсыз схемасын аныктады
Экс-депутат Эльвира Сурабалдиева. Архив

Эльвира Сурабалдиева вице-премьерлик кызматка киришти

33
(жаңыланган 14:29 28.10.2020)
Буга чейин өкмөт башчынын орун басарлыгын аркалаган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталып, колдоо тапкан эмес.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Эльвира Сурабалдиева Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сурабалдиева вице-премьерликти ким сунуштап, кантип макул болгонун айтты

Эскерте кетсек, Сурабалдиеванын талапкерлигин алгач Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдоп, андан соң депутаттар жалпы жыйында карашкан. Натыйжада эл өкүлдөрү өкмөттүн жаңы мүчөсү үчүн бир добуштан макул болушкан. Сурабалдиева Аида Исмаилованын ордуна келди, эми социалдык тармакты тескемекчи.

33
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, министр, вице-премьер-министр, Садыр Жапаров, Аида Исмаилова, Эльвира Сурабалдиева
Тема боюнча
Депутаттар Исмаилованы социалдык өнүктүрүү министри кызматына колдогон жок. Видео