Centerra компаниясына коруктагы 16 миң гектар жер берилдиби? "Кыргызалтындын" жообу

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДеятельность горнодобывающей компании "Kumtor Gold Company" в Иссык-Кульской области
Деятельность горнодобывающей компании Kumtor Gold Company в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар Кумтөр кенин иштеткен канадалык Centerra Gold Inc компаниясы менен түзүлгөн жаңы стратегиялык келишим боюнча коруктагы 16 миң гектар жер кайра берилгенин жазышкан.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Кыргызалтындын" башкаруучулугунун төрагасы Алмаз Алимбеков алтын казуу үчүн берилди делген Кумтөрдөгү 16 миң гектар жер тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди.

Деятельность горнодобывающей компании Kumtor Gold Company в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө канча алтын калды? Өкмөттүн жообу
Айрым ЖМКлар Кумтөр кенин иштеткен канадалык Centerra Gold Inc компаниясы менен түзүлгөн жаңы стратегиялык келишим боюнча коруктагы 16 миң гектар жер кайра берилгенин жазышкан. Бул аянт компанияга 2009-жылы сунушталган 26 миң гектардын бир бөлүгү болуп эсептелет. Буга чейин 16 миң гектар жерди берүү чечими жокко чыгарылып, бирок аны өкмөт кайрадан бергени жазылган. Сөз Сары-Чат — Ээр-Таш коругу тууралуу болуп жатат.

Август айынын аягында өкмөт 2017-жылдагы экологиялык стратегия келишими боюнча 2026-жылга чейин түшө турчу акча 87 миллион долларды түзөрүн билдирген. Бирок өкмөт бул каражат аз экенин айтып, кошумча сүйлөшүүлөрдү баштаган. Жыйынтыгында бул каражат 150 миллион долларга чейин чыгарылган.

Алимбеков 2009-жылдагы келишим боюнча канадалык компания 2042-жылга чейин 26 миң гектар жерди алганын билдирди. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын Centerra компаниясындагы үлүшү 15 пайыздан 33 пайызга чейин чыккан.

"КР өкмөтүнө жер тилкеси кайтарылып берилген эмес, ал компанияга учурдагы жер мыйзамдарына ылайык берилген. 26 миң гектар тууралуу айта турган болсок, инвесторлор ал жерде 2009-жылдан бери иштеп жатышат. Жаңы стратегиялык келишим боюнча бул жер кайтарылбайт жана баштапкы калыбына келтирилбейт. Кимдир бирөө туура эмес айтып коюп ушундай болуп жатат. Ал эми 16 миң гектар жерди талаша турган болсок, 2009-жылы бул жерди Кыргызстандын үлүшүн 15 пайыздан 33 пайызга көбөйтүү үчүн бергенибизди белгилей кетиш керек", — деди Алимбеков.

Золотоносный рудник Кумтор в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
КР жаңы макулдашуу боюнча Кумтөр кенинен кандай пайда көрөт. Түшүндүрмө
Ал ошондой эле 26 миң гектар жер Сары-Чат — Ээр-Таш коругунун аймагында деген маалыматка дагы түшүндүрмө берди.

"Бул чындыкка дал келбейт. Концессия аймагы анын ичинде 16 миң гектар жер коруктун ичине кирбейт. Албетте, Сары-Чат — Ээр-Таш коругунда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Геологиялык чалгындоо карьердин ичинде гана жасалган. Эгер мисал катары 26 миң гектар жердин аймагын ала турган болсок, геологиялык чалгындоо жана карьерди казуу иштери болгону 841 гектар жерде гана жүрүүдө", — деди ал.

Кумтөрдөгү алтындын кору канчага бааланып жатканын билип алыңыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0