Кой-Таштагы окуядан кийин

Кой-Таштагы окуяны иликтей баштаган комиссия бир айдан кийин отчёт берет

107
(жаңыланган 11:39 04.09.2019)
Жыйын учурунда комиссиянын катчылыгы түзүлүп, ага бир катар аткаминерлер мүчө болуп кирди.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. 7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын төрагасы вице-премьер Жеңиш Разаков комиссия мүчөлөрү болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын объективдүү жана калыс иликтеп чыгып, бир ай ичинде Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдай турганын айтты.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөсү Турсунбек Акун өзүнүн мүчөлүгүнө каршы чыкты. Ал адеп-ахлактык жана бир катар себептерден улам, аны менен бирге кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндө кылмыш иши боюнча күбө болгондугуна байланыштуу комиссиянын ишине катыша албай турганын билдирди.

Жыйында комиссиянын катчылыгы түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, коомдук ишмерлер Кубатбек Кожоналиев жана Алишер Мамасалиев кирди.

Кой-Таштагы окуя

7-августта УКМК Кой-Ташта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп, ал максатына жетпей калган. Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Бир жоокер каза таап, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган. Эртеси операцияны ИИМ жүргүзүп, ички иштер министринин ошол кездеги орун басары Курсан Асановдун жүргүзгөн сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген.

Мурунку президент ушу тапта УКМКнын тергөө абагында.

107
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, отчет, комиссия, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (176)
Тема боюнча
Кой-Ташта аялдарды ур-тепкиге алган милиционер ишин улантууда
Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду
Кой-Таш окуясынан кийин милициянын машинасын ташка алган улан кармалды. Видео
Кой-Ташта башына таш тийген Самат Курманкуловдун абалы жакшыра баштады
Истребитель ВВС России взлетает с аэродрома на авиабазе Кант

РФ элчилиги "Кант" базасынын аймагы Россияга өтөт деген кабарды төгүндөдү

0
Элчилик фактылары бурмалоо туура эмес экендигин айтып, тарап жаткан маалыматтарды "эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бузууга болгон аракет" деп баалаган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги айрым ЖМКларда тарап жаткан "Кыргызстан Россияга "Кант" авиабазасынын аймагын учуучу тилкеге жасалчу ремонт үчүн берет" деген маалыматты төгүндөдү.

"Бул карандай эле калп. Муну менен коомчулукка туура эмес маалымат берүүнү көздөшкөн", — дешти элчиликтен.

Россиянын аскер базасын Кыргызстандын аймагына жайгаштыруу боюнча 2012-жылдын 20-сентябрында түзүлүп, 2019-жылдын март айында кол коюлган келишимде "Кант" аэродромунда жайкы талааны Россия тарап өз эсебинен реконструкция кыла турган болсо, ал жакты жакшыртып, өзгөртүү укугу Россия тарапта болот. Келишимдин мөөнөтү аяктаган соң баары кыргыз тарапка өткөрүп берилет" деп так жазылган.

Элчилик фактылары бурмалоо туура эмес экендигин айтып, тарап жаткан маалыматтарды "эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бузууга болгон аракет" деп баалаган.

0
Белгилер:
"Кант" авиабазасы, Россия, Кыргызстан
Нью-Йорктогу нааразылык акциясынын катышуучулары. Архив

ЖМК: АКШ бийлиги өлкөдө улутчулдук бар экенин моюндады

24
(жаңыланган 10:22 03.06.2020)
АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразылык акциялары башталган. Акциялар дагы деле токтой элек.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын кеңешчиси Келлиэнн Конуэй өлкөдө чындап эле системалык улутчулдук бар экенин жана бардык жарандар айрым учурда тең укуктуу болбой келерин журналисттер менен сүйлөшүп жаткан учурда айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ооба, бул өлкөдө тең укуксуздук жана улутчулдук бар. Юстиция министрлиги Жордж Флойддун өлүмүнө карата иликтөө иштерин баштаганы жакшы болду, жыйынтыгын көрө жатарбыз", — деди Конуэй.

Ал ортодо Вашингтондо коменданттык саат башталганына карабай эл Ак үйдүн алдына чогулуп турат. Маалыматка караганда, Ак үйдүн чатырында куралчан болушу мүмкүн делген формачан адамдар чогулгандарга көз салууда. Ал эми митингге чыккандардын бир бөлүгү атпагыла деген ишарат көрсөтүп колун өйдө көтөрүп турса, экинчи бөлүгү Жордж Флойдун өлүмүн акыйкат иликтөөнү жана Дональд Трамптын отставкасын талап кылган плакаттарды кармап турушат.

Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио тургундарды коменданттык саат башталганга чейин үйлөрүнө тарап кетүүсүн суранып, кайрылуу жасады. Белгилей кетсек, бул шаарда митингчилер жөн гана нааразычылык акциясына чыкпай, кечээ дүкөндөрдү тоношкон.

Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразылык акциялары башталган. Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деген айып тагылууда.

24
Белгилер:
митинг, Ак үй, башаламандык, Дональд Трамп, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Мейвезер полициянын колунан каза тапкан Флойддун зыйнатын көтөрөт