Пригородная средняя общеобразовательная школа. Архивное фото

Ош шаарындагы мектептерде Россиядан келген 17 мугалим сабак бере баштады

368
(жаңыланган 11:54 04.09.2019)
Алар орус тили жана адабияты, математика, физика сабактары боюнча билим берет.

ОШ, 4-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы орто мектептерге Россиядан 17 мугалим келип иштей баштады. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.

Ага ылайык, мугалимдер орус тилдүү мектептерде 2019-2020-окуу жылынын соңуна чейин иштешет.

"Педагогдор орус тили жана адабияты, математика, физика сабактарын окутушат. Буга чейин калаадагы орто мектептерде дал ушул сабактардан берген мугалимдер жетишсиз эле", — деп айтылат маалыматта.

17 мугалим атайын долбоор аркылуу чакырылган. Чет жактан келген окутуучулардын маянасы кыргызстандык мугалимдердикиндей эле болору белгиленди.

Эске салсак, Ош шаарындагы жалпы 78 орто мектепте 3000ге жакын мугалим иштейт.

368
Белгилер:
Ош, мектеп, мугалим, Россия
Тема боюнча
Өлкөдө канча бала бакча, мектеп, оорукана курулду. Инфографика
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
Кыргызстанда 1-сентябрга чейин 660 мектеп интернетке туташат
Ачканы контейнер мектеп. Нарында аткаминерлер сынга кабылды
Диего Марадонанын таблодогу сүрөтү. Архив

Өз тажиямда эмне дээр элем... Марадонанын эски видеосу желдей тарады

76
(жаңыланган 16:39 27.11.2020)
Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда айтылган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болду.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Соцтармакта Диего Марадонанын өзүнүн акыркы сапарга узоо зыйнатында эмне деп айткысы келмектиги боюнча суроого жооп берген видеосу вирустай тарап жатат.

"Чемпионаттын" маалыматына караганда, бул 2005-жылы аргентиналык теле берүүгө чыккан La noche del 10 берүүсүнүн үзүндүсү.

"Өзүмдүн акыркы сапарга узаган зыйнатымда эмне деп айткым келер эле... Футбол ойногонума рахмат. Бул спорт мага кубаныч жана эркиндик берди. Асманды колуңа кармап тургандай эле сезим. Топко дагы рахмат. Табытыма "топко рахмат" деп жазып койгула", — деген Марадона.

Видео Bolavip Facebook аккаунтуна жарыяланды.

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда тараган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.

76
Белгилер:
футболчу, топ, Диего Марадона
Тема боюнча
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар
Бишкектеги темир жол бекетиндеги поезд. Архив

Кыргызстан Казакстан Россия темир жол каттамдарынын графиги түзүлдү

77
(жаңыланган 15:36 27.11.2020)
Эгер Республикалык штаб тийиштүү алгоритмдин негизинде иш алып барууга уруксат бере турган болсо өлкөдөгү ички каттамдар дагы жанданат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Россия жана Казакстандын темир жол администрациялары менен биргеликте 2021-жылдагы эл аралык каттамдарынын графигин түздү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

Ага ылайык поезддер төмөнкү график боюнча катташат:

  • Бишкек — Москва каттамы, жумасына эки ирет;
  • Бишкек — Казань каттамы, жумасына бир жолу;
  • Бишкек — Новосибирск — сегиз күндө бир жолу.
"Поезддер бул график боюнча коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр үч өлкөдө тең алынгандан кийин каттай баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ишкана эгер Республикалык штаб тийиштүү алгоритмдин негизинде иш алып барууга уруксат бере турган болсо Бишкек — Кайыңды, Бишкек — Кара-Балта, Бишкек — Токмок ички каттамдарын дагы жанданта турганын кабарлады.

Эске салсак, эл аралык темир жол каттамдары 2020-жылдын 17-мартында убактылуу токтотулган. Ал эми ички каттамдарга 25-мартта чектөө киргизилген.

77
Белгилер:
билет, пандемия, алгоритм, Казакстан, Кыргызстан, Россия, темир жол
Тема боюнча
Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа биримдигинин кара тизмесинен качан чыгат