Пермде автобустун жүргүнчүлөрүн сактап калган кыргызстандык таксист сыйланды

© Фото / ОГИБДД УМВД России по г. ПермиДТП с пассажирским автобусом в Перми
ДТП с пассажирским автобусом в Перми - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-августта Россияда автобус кырсыктап, жабыркагандарга кыргызстандык таксист биринчилерден болуп кол сунган. Ал жалпы жонунан эки чоң киши менен эки кичинекей баланы куткарып калган.

БИШКЕК, 4-cен. — Sputnik. Пермде (Россия) автобустун жүргүнчүлөрүн сактап калган кыргызстандык таксист Бекзат Максатбек уулу сыйланганын "Новости Перми" порталы жазды. 

На месте ДТП с пассажирским автобусом в Перми - Sputnik Кыргызстан
Калтырап кеттим. Пермде кырсыктаган автобустан элди алып чыккан кыргыз таксист
Эске сала кетсек, 17-августта Пермь шаарында 59 жүргүнчүсү менен бараткан автобус жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерге Бекзат биринчи болуп чуркап барып, капталдагы терезесинен эки баланы сууруп чыккан. Андан кийин башка адамдар да келип, жабырлануучуларды чыгара башташкан. Жалпы жонунан Бекзат эки чоң киши менен эки кичинекей баланы куткарып калган.

Маалыматта аны Россиянын Ички иштер министрлигинин Пермь аймагы боюнча коомдук кеңешинин башкы башкармалыгы чакыртып, ыраазычылык кат жана китеп бергени айтылат.

Бекзат Пермде ата-энеси жана иниси менен жашап, эки айдан бери таксист болуп иштейт. Ал кырсык болгон күнү кардарын Гайвага жеткирип, шаардын борборуна кайтып келе жаткан.

Аны менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек куруп, окуянын чоо-жайын сураштырган. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0