Атамбаевдин жактоочусу: сот келтирилген жүйөлөрдү канааттандырган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековСудебное заседание по мере пресечения в отношении Алмазбека Атамбаева в ГКНБ
Судебное заседание по мере пресечения в отношении Алмазбека Атамбаева в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык сот УКМКнын имаратында көчмө жыйынга чогулду.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаардык сотунун УКМКнын имаратында көчмө жыйыны болуп, Алмазбек Атамбаевдин иши каралды. Мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев сот алардын эки арызын тең канааттандырбаганын журналисттерге билдирди.

Слесарев Атамбаевдин 7-8-августтагы окуялар боюнча мыйзамсыз кармалышы, аны үй камагына чыгаруу боюнча келтирген жүйөлөрүн сот канааттандырбаганын кошумчалады.

Ал ошондой эле сот жыйыны учурунда Атамбаев эч кандай суроолорго жооп бербегенин, мындай кадамы менен мыйзамсыздыкка каршылыгын билдирип жатканын белгиледи.

Кой-Таш окуясы

Судебные процессы по делу бывшего президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Камактагы Атамбаев УКМК терезесинен тарапташтарына кол булгалады. Видео, сүрөт
7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок ал ишке ашпай калган. 8-август күнү ИИМ атайын операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген болчу. Ошол күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтарыбыз деп "Ала-Тоо" аянтына чогулган адамдарды милиция күч менен тараткан болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши түрдүү жаракат алышкан. Спецназдын бир кызматкери окко учкан. Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Кийин 20-августта анын камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0