Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровМагистраль Аалы Токомбаева в Бишкеке
Магистраль Аалы Токомбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшембиде тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 4-сен.— Sputnik. 5-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +23…+28 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын аймагында +20…+25 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +26…+28, Бишкекте +25…+27 градуска жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0