Транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери. Архив
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа салыгын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктаган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. 4-сентябрдан баштап Мамлекеттик салык кызматы менен Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд баштады. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

"Бишкекте өткөрүлгөн бир күндүк рейд учурунда 430 автоунаа токтотулган, анын ичинен 68 айдоочунун унаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды. Аларга карата тийиштүү актылар түзүлүп, 43 жаран салыкты ошол замат төлөдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Платные стоянки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Транспорт үчүн кандай салык төлөшүңүз керек? Ыңгайлуу калькулятор
Салык кызматы рейд жүрүп жаткандыгына байланыштуу автоунаа ээлерине айдоочулук күбөлүк менен техпаспортунан тышкары салыкты төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны ала жүрүүсүн өтүнөт.

Эске салсак, 2-сентябрда транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктаган. Ага карабастан, учурда транспорт салыгын жыйноо уланууда. Мыйзамга ылайык, убагында салык төлөбөгөн айдоочулар эми негизги салыктын суммасынан тышкары административдик айыпты (жеке тараптар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом) жана ар бир күнгө туумду кошуп төлөйт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0