Депутат: "Ош" базарында арам өлгөн малдын эти сатылып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПродажа мяса на рынке в Бишкеке
Продажа мяса на рынке в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү өлгөн малдын эти колбаса цехтерине кетип жатканын баары эле биле турганын айтты.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков "Ош" базарында арам өлгөн малдын эти сатылып жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Кыргызстандыктардын ичкен-жегени 28 жылда кандай өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктардын ичкен-жегени акыркы 28 жылда кандай өзгөрдү. График
Бүгүн депутаттар "2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Ал биринчи окууга киргизилет.

Субанбеков шаарда адал кафе-ресторандардын көбөйгөнүн айтып, керек болсо колбаса цехтери да адал болуп кеткенине кейиди.

"Тилекке каршы, иш жүзүндө арам өлүп калган малды 10-15 миң сомго колбаса цехке өткөрүп жатышат. Муну ким көзөмөлдөйт? Мына "Ош" базарына эртең менен барып рейд кылып көргүлө, арам өлгөн малдын эти кетип жатат. Адал деп айтып жатабыз, кайдагы тазалык", — деди ал.

Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эт, сүт багытындагы ири мүйүздүү мал багат белеңиз? Индонезиядан урук келди
Депутат ошондой эле базардагы жашылчалар да адал деп сатылып жатканын, бирок дарбыздарда селитранын көлөмү көп болуп, помидор, бадыраңдын баары азыр селитрага бышарын айтып, буга ким жооп берерине кызыкты.

Депутаттын мындай суроосуна экономика министри Санжар Муканбетов базардагы эттин жана жашылчалардын тазалыгын Санэпидкөзөмөл борбору менен ветеринардык инспекция текшериши керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0