Өкмөт Ирактагы кыргыз балдарды кантип алып келе турганын так айтты

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүЛагерь беженцев в Ираке
Лагерь беженцев в Ираке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жана Ирактын расмий бийлиги менен сүйлөшүүлөр премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ирактагы кыргызстандык балдарды алып келүү маселеси иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, вице-премьер Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында Ирактын пенитенциардык мекемелериндеги жашы жете элек балдарды үйлөрүнө алып келүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар өз ара кызматташып, иш алып барууда.

"Ирактан жашы жете элек балдарды кайра алып келүү жана интеграциялоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Жакында жумушчу топтун тийиштүү документтерди толтуруу жана балдарды Кыргызстанга алып келүү үчүн Багдад шаарына баруусу пландалды. Мекемелер аралык топ тийиштүү квалификациялуу адистерди, психолог жана теологдорду тартуу менен балдарды калыбына келтирүү жана кайра интеграциялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Сирияда кыргызстандыктардын турган жери тууралуу маалыматтарды жана алардын санын тактоо боюнча тийиштүү иштер аткарылууда.

Жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жана Ирактын расмий бийлиги менен сүйлөшүүлөр премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0