Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Канат Жумагазиев Бишкекте аёосуз сабагандар кантип кармалганы тууралуу маалымат берүүдө.

Милиция кишилерди аёосуз сабагандар кантип кармалганын айтып берди. Видео

7429
(жаңыланган 16:51 06.09.2019)
Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Канат Жумагазиев Бишкекте аёосуз сабагандар кантип кармалганы тууралуу маалымат берүүдө.

Бүгүн, 6-сентябрда негизги шектүүлөр Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен Сейитбеков Калысбек Сейитбекович милицияга өздөрү келген болчу.

Жаңы билдирүү
  • 12:31

    Милиция мушташ чыр эмнеден чыкканын алдын ала айтты

    Бишкек ШИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Утемисов алдын ала маалымат боюнча чыр кер-мур айтыштан чыкканын айтты. Ал ошондой эле эки жабырлануучу көрсөтмө бере албай турганын, бир жабырлануучу көрсөтмө бергенин кошумчалады.

    Утемисов шектүүлөр азырынча көрсөтмө бере электигин айтып, кишилерди сабады деген Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович бир туугандар экенин ырастады.

  • 12:18

    Күнөөлүүлөрдүн жазасы жеңилдетилбейт

    Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Канат Жумагазиев Бишкекте кишилерди аёосуз сабагандардын жазасы эч жеңилдетилбей турганын айтты.

    "Күнөөсү жеңилдетилбейт, коюлган берене боюнча иш тергелип гана сотко кетет. Алардын жазасы жеңилдетилет деп кооптонууга негиз жок", - деди ал.

  • 12:12

    Маалымат жыйынды бул жактан түз эфирден көрүңүз.

  • 12:06

    Милиция саат 12:00дө толук маалымат берерин айткан. 

    Глава ГУВД Бишкека Канат Джумагазиев рассказывает на пресс-конференции, как милиция задерживала подозреваемых в жестоком избиении.
    © Sputnik / Эркин Садыков
    Глава ГУВД Бишкека Канат Джумагазиев рассказывает на пресс-конференции, как милиция задерживала подозреваемых в жестоком избиении.
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • 12:04

    Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

    Адамдарды сабоо фактысы боюнча Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович изделип жаткан болчу.

    Ал эми шектүүлөрдүн бир тууганы делген милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынып, бир нече милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган.

    Кийинчерээк шектүүлөр Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылганы аныкталган.

live
Милиция кишилерди аёосуз сабагандар кантип кармалганын айтып берди. Видео
+
7429
Белгилер:
брифинг, мушташ, милиция
Тема:
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (24)
Тема боюнча
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
Эки эркекти мыкаачылык менен сабаган кишилер милицияга өздөрү келди. Видео
Аёосуз сабалган эркектер. Милиционерлерге кылмыш иши козголду