УКМК: "Дордойдон" окуучулардын ден соолугуна зыян келтирчү китептер табылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүШкольная ярмарка в Новосибирске
Школьная ярмарка в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экспертизанын жыйынтыгы китептерде балдардын ден соолугуна терс таасир этчү боек бар экенин аныктаган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. "Дордой" базарында жайгашкан "Оберон" рыногунан мектеп окуучуларынын ден соолугуна зыян келтирчү адабий китептер табылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, базарды тинтүү учурунда 28 түрдүү 8 миң экземпляр китеп табылган.

"Экспертизанын жыйынтыгы китептерде балдардын ден соолугуна терс таасир этчү краска бар экенин көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

МЧС в день будет оборудовать 15 контейнеров под мобильные дома - Sputnik Кыргызстан
Нарында контейнерде окуган балдар. Өкмөттүн өкүлчүлүгү үн катты
Ыкчам териштирүү иштеринин алкагында китептердин бир бөлүгү Бишкек шаарындагы жеке "Аль Салам" жана "Турар" басмаканаларында даярдалганы белгилүү болгон. Бирок алар башка фирмалардын товардык белгилерин колдонушкан.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси («Башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу») боюнча каттоого алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0