Кызым вебкам-модель болуп кетиптир, эмне кылам? Жалгыз бой эненин даты

CC0 / Free-Photos / Запрет на вебкам-бизнес в КР
Запрет на вебкам-бизнес в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жалгыз кызы интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн аялдын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Акыркы эки жумадан бери ичкеним ирим, жегеним желим болуп жүрөм. Кеңеш айтып, жардам бериңиздерчи.

Офисная работа - Sputnik Кыргызстан
Башкага башы байланган кесиптешимди сүйүп калдым... Кыздын каты
Айсанат (аты өзгөртүлдү — ред.) аттуу жалгыз кызым бар. 19 жашта. Өзүм 25тен өткөндө туугандар анын атасы менен тааныштырып, турмушка чыккам. Бирок отубуз күйүшпөй, кызыбыз эки жашка чыкканда ажырашканбыз. Ошондон бери кызынан такыр кабар алган жок. Кийин сураштырсам, мен кеткенден кийин бат эле үйлөнүп, бала-чакалуу болуптур.

Мен турмушка чыккан жокмун. Жаштык кылып, мени бир кызым менен ким алмак эле деп жеке жашоону такыр жыйыштырып коюптурмун. Өзүмдү жалаң кызыма, ишиме арнадым. Анын үстүнө Айсанат мектепте окуп жүргөн жылдары ооруп, бир нече жолу операция кылдырууга туура келди. Бирок акча-тыйын жагынан кыйналган жокпуз. Анткени төркүнүм бардар жашаган адамдар. Эки иним Россияда чакан бизнес кылып, менин дары-дармегиме, жада калса үй салганга жардам беришти.

Азыр үйүбүз бар, мен иштейм. Байлыгыбыз ашып-ташып кеткен жок, бирок эл катары жашайбыз. Ичип-жеп, баскан-турганыбызга жетет. Мен эмнеге мунун баарын айтып жатам?

Эки жума мурда кызым тууралуу капысынан эле ачуу чындыкты билип калдым. Бөлмөсүнө кирсем кийимдери чачылып жатыптыр. Өзү үйдө жок эле. Дем алыш болгондуктан бош отурбай жыйнап коеюн деп чогулта баштадым. Ары жакта майда-чүйдө салынган бир коробка турган. Ичин иреттемекчи болуп ача койсом, ар кандай ич кийимдер бар экен. Бирок 19 жаштагы турмушка чыга элек кыздыкындай эмес. Күнүмдүк жашоодо аларды кие албайсың. Кыскасы төшөк оюндарында колдоно турган немелер. Жүрөгүм шуу дей түштү. "Муну эмне кылат, кызым бузулуп кеткенби?" деп башымда толгон-токой суроолор жүрдү. Дароо эле эжеме чалып, болгон-бүткөнүн айтып бердим. Анын улуу баласы милицияда иштейт. Кызды дароо эле беттен албай, ошол жээним аркылуу байкатпай артынан түшүп, 4-5 күн байкап көрөлү деп мени көндүрүштү.

Бала кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абактагы жолдошумду же күтөрүмдү, же кетеримди билбейм... Келиндин каты
Милиция деген милиция экен да, эки күндө жээним баарын билип берди. Көрсө, кызым интернет аркылуу чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөтөт экен. Вебкам-модель деп коюшат тура. Өмүрүмдө ошондойду биринчи жолу уктум, бардыгын жээним түшүндүрүп берди.

Негизи эле кызым акыркы айларда өзгөрүп калган. Дене боюн жакшылап карап, улам-улам тырмагын жасатып, кирпик чаптатып дегендей. Оюма жаман нерсе кеткен эмес. Бир жолу кошелёгунан бүтүн 5000 сомдук көрүп калгам. Кайдагы акча десем, бирөөгө курстук иш жазып бердим деп койгон.

Көрсө кызымдын минтип жүргөнүнө жарым жылдай болуп калыптыр. Азыр эми өзү менен ачык сүйлөшө албай жатам. Эмнеге мындай жолго барды, билбейм. Үйдө баары жетиштүү, окуган окуусу бар. Эмне кылсам? Ал ишинен кызымды кантип сууруп алам?

Саадат Сыдыкова, психолог:

— Алгач эле автор өзү материалдык абалы тууралуу төкпөй-чачпай айтып бериптир. Муну менен апасы өзүн бир нерсеге күнөөлүү сезип, актанып жаткандай элес калтырууда. Биринчиден, кыздын бөлмөсүнөн шектүү буюмдарды таап алгандан кийин апасы тууган-туушкандарына кайрылып, кызынын купуя сактагысы келген сырын ачыктап, көптөгөн чектерди бузуп коюптур.

Кучакташып турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Досумдун жубайы бассам-турсам оюман кетпей койду... Эркектин каты
Кыз эмнеге мындай жолго барышы мүмкүн? Айтылуу психолог Зигмунд Фрейддин аныктамасы боюнча, Эдипов комплекси деген түшүнүк бар. Кичине кезинен баштап кыз кишиде атасынын, уул балада апасынын образы идеалдашат. Ал эми биздин каарман эки жашынан тарта атасын көрбөй калса, демек анда атанын образы калыптанган эмес. Атадан жылуу сөз уккан эмес. Кыз атасынын сүйүүсүнө толбой калган аң-сезиминдеги ошол боштукту толтургусу келет. Дал ушул нерсе Эдипов комплекси деп аталат. Ал өзү билип-билбей эле башка эркектерден жылуулук издейт. Психологиялык тил менен айтканда, атасы тараптан кабыл алынбаган кыздар өмүр бою жабыркап жүрө берет.

Ошондуктан кыз тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө айта кетерим, ата-эне, өзгөчө ата кызына жакшылап көңүл бурушу керек. Дайыма аны мактап, "сулуусуң, сүйүктүүсүң, бизге керексиң" деген сыяктуу сөздөрдү айтып турганы жакшы. Атадан жылуулук көрбөгөн кыздар, дагы бир жолу айтып коёюн, кийин жылуулукту өзүнөн улуу эркектерден күтүп, издеп жүрүп бүгүн биз талкуулап жаткандай тетири жолго түшүп кетиши мүмкүн.

Менин оюмча, бул кызды дагы ушул жагдай туура эмес жолго сүйрөгөн. Бирок мындан тышкары деле себептер болушу мүмкүн. Аныгын айтуу үчүн адис өзү менен баарлашуусу керек. Апасынын ачык сүйлөшпөй жатканы өкүнүчтүү. Андан көрө чечкиндүү болуп кызын акырындык менен сөзгө тартсын. Бирок кызына кандай болгон күндө дагы аны жакшы көрөрүн айтышы зарыл.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0