Кат жазуу. Архивдик сүрөт

Мээни айлантпай ток этерин жаз! Кат жазуу этикети

915
(жаңыланган 11:34 09.09.2019)
Жашоону катсыз элестетүү кыйын. Жумуш боюнча дагы, жеке иштер менен дагы кимдир бирөөлөргө кат аркылуу кайрылууга туура келет. Катты канткенде окумдуу кыла алабыз? Бул тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Саламдашуу

Адам менен жүз көрүшпөсөңүз  эле учурашпай койсо болот деп ойлобоңуз. Каттын башында кадимкидей салам айтып, жакын адам болсо ден соолугун, кызматтык кат болсо иштерин сурап койгон туура.

Атын атаса, куту сүйүнөт

Катта ар бир кишиге атын атап кайрылган жакшы. Бул нерсе сиз үчүн ал адам менен сүйлөшүү канчалык маанилүү экенин түшүндүрөт. Эгерде кат жазып жаткан адамды мурда тааныбасаңыз, сөзсүз түрдө атын, фамилиясын тактап алыңыз.

Ката

Бетме-бет көрүшкөн маалда адамдар бири-биринин келбетине, кийим-кечегине карап баа берсе, катта кишиге анын сабаттуулугу аркылуу мамиле кылышат. Андыктан, катасыз жазууга аракет кылыңыз. Маанилүү кат болсо, жөнөтөр алдында кайталап окуп коюңуз.

Кыска-нуска жазыңыз

Катты окучу адамдын башын айлантып оюн онго бөлбөй, айтайын дегениңизди кыска-нуска түшүндүрүңүз. Тагыраагы, саламдашуудан кийин эле эмне маселе менен кайрылганыңызды же кандай кабар бергиңиз келгенин дароо жазыңыз.

"Кыйкырбай" сүйлөңүз

Айрым адамдар сүйлөмдүн аягына илеп белгисин коюп же сөздөрдү жалаң баш тамгалар менен жазганды жакшы көрөт. Балким алар айтайын дегени канчалык маанилүү экенин көрсөткүсү келеттир. Бирок психологиялык жактан караганда, катты окуп жаткан адамга сиз өктөм үн чыгарып, катуу сүйлөп жаткандай сезилиши мүмкүн. Анын үстүнө тыныш белгилерди же баш тамгаларды аша чаап колдонуу көзгө жагымсыз дагы көрүнөт.

Жасалга

Катты жөнөтөр алдында тексттин түзүлүшүнө көңүл буруңуз. Бардыгы туура жана тыкан болушу керек. Эгерде катты кагаз түрүндө жолдогону жатсаңыз, кагаз жана конверт таза, бырышсыз болушу керек. Адатта каттын сыртына кол менен жазууга туура келет. Кол жазмаңыз сулуу болбосо, жакшы жазган бирөөгө кайрылыңыз.

Көңүл айтуу каты

Жашоодо жакшылык менен жамандык бирге жүрөт эмеспи. Кээде тааныш-билиштерге кат аркылуу көңүл айтууга туура келет. Мындай каттын өзгөчөлүгү — компьютерден терилбей, ар дайым колго жазылышы керек. Дагы бир маанилүү жагдай — кат чын жүрөктөн жана болушунча кыска жазылганы туура.

Коштошуу

Каттын аягында коштошууну унутпаңыз. Ушул эле жерге маектешиңизге катты окууга убактысын бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип коюңуз.

915
Белгилер:
этикет, кат
Тема:
Өзүн алып жүрүүнүн эрежеси (40)
Тема боюнча
Тамак чайнаба, оройлонбо, "жомок" айтпа. Телефондо сүйлөшүү этикети
Бири-бириңердин жеке убактыңарды уурдабагыла! Үй-бүлө этикети
Чала тааныш адамдын мээсин чакпа! Мессенджер колдонуу этикети
Кыргызстандын жаранынын паспорту жана акча. Архив

Кыргызстанда ID-картанын баасы кымбаттайт. Себеби

151
2017-жылдан бери Мамкаттоо кызматы жарандарга атайын чип орнотулган паспорт берип келет. Чипте жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке номери, туулган жылы, дареги, үй-бүлөлүк абалы, улуту, сүрөтү жана электрондук кол тамгасы камтылган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ушул жылдын 17-августунан тарта 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картанын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Баанын жогорулашына акысыз бланктардын чыгарылбай калганы себеп болду.

Белгилей кетсек, 2017-жылдан бери Мамлекетти каттоо кызматы жарандарга атайын чип орнотулган паспорт берип келет. Чипте жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке номери, туулган жылы, дареги, үй-бүлөлүк абалы, улуту, сүрөтү жана электрондук кол тамгасы камтылган.

"Буга чейин Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) грант иретинде 1,9 миллион даана бланк берген. Келишим боюнча келерки бланктарды акы төлөп алышыбыз керек. Бир бланктын баасы 206 сом", — деп айтылат билдирүүдө.

Калкты тейлөө борборуна эми телефон аркылуу кезекке туруп коюуга болот

Мындан улам алгачкы жолу паспорт алып жаткан жаран 470 сом (206 сом бланк, 241 сом персонификациялоо, 23 сом банк кызматтарына) төлөшү керек. Ал эми биринчи жолу шашылыш түрдө алып жаткандар 1260 сом (206 сом бланк, 516 сом персонификациялоо, 518 шашылыш түрдө документ даярдоо, 20 сом банк кыматтарына) бериши зарыл. Бул документ 8 күн ичинде даярдалат.

151
Белгилер:
баа, паспорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Жоголгон айдоочулук күбөлүк менен номерди кайра алуунун шарттары өзгөрдү

Кечтеги жылдыздуу асман. Бишкектин четинен тартылган укмуштуудай 11 сүрөт

135
(жаңыланган 19:04 13.08.2020)
  • Бул Бишкектин четтен көрүнүшү. Жанынан көргөндө заңгырап турган имараттар минтип жалтырап гана элес калтырат
  • Кооз ирмемдерди тартып калуу үчүн кесиптешибиз Табылды Кадырбеков бир нече түн шаар сыртында болду
  • Сыйкырдуу сүрөттөр үчүн таланттан кийин эле техникалык жабдуу мыкты болуш керек
  • Фотографтын айтымында, жакшы штатив, камера жана аралыктан туруп башкарган пульт керек
  • Тоо менен асмандын сулуулугу ширелишип... Мындай сүрөттөрдү адатта фонго коюп алышат
  • Чарчаганда ушундай абасы таза, ээн талаага кетип калгың келет
  • Борбор калаанын абасы таза эместиги белгилүү, бирок бийлик коронавирус пандемиясынан бери ыш-түтүн азайып калганын айткан.
  • Анткен менен аба булгангандыгына байланыштуу айрым жылдыздар даана көрүнбөй калганын айта кетели.
  • Адистердин айтымында, жаратылышка чыгып, ага суктануу стресстен арылтат
  • Ошондой эле таза абада жүрүү ден соолукту чыңдайт
  • Эң негизгиси жылдыздуу асман менен жаратылыштын кооздугун көрө аласың
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сүрөтчүсү борбор калаанын четине чыгып, түндөгү жылдыздуу асмандын көрүнүшүн тартып келди.

Борбор калаанын абасы таза эместиги белгилүү. Бирок бийлик коронавирус пандемиясынан бери ыш-түтүн азайып калганын айткан. Анткен менен аба булгангандыгына байланыштуу айрым жылдыздар даана көрүнбөй калганын айта кетели.

Эч ким көрө элек кадрлар. Кыргызстандын жапайы жаратылышы видеодо

Фотографтын айтымында, мындай сүрөттөрдү тартуу үчүн штатив, жакшы камера жана аралыктан туруп башкарган пульт керек.

135
  • Бул Бишкектин четтен көрүнүшү. Жанынан көргөндө заңгырап турган имараттар минтип жалтырап гана элес калтырат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул Бишкектин четтен көрүнүшү. Жанынан көргөндө заңгырап турган имараттар минтип жалтырап гана элес калтырат

  • Кооз ирмемдерди тартып калуу үчүн кесиптешибиз Табылды Кадырбеков бир нече түн шаар сыртында болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кооз ирмемдерди тартып калуу үчүн кесиптешибиз Табылды Кадырбеков бир нече түн шаар сыртында болду

  • Сыйкырдуу сүрөттөр үчүн таланттан кийин эле техникалык жабдуу мыкты болуш керек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сыйкырдуу сүрөттөр үчүн таланттан кийин эле техникалык жабдуу мыкты болуш керек

  • Фотографтын айтымында, жакшы штатив, камера жана аралыктан туруп башкарган пульт керек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Фотографтын айтымында, жакшы штатив, камера жана аралыктан туруп башкарган пульт керек

  • Тоо менен асмандын сулуулугу ширелишип... Мындай сүрөттөрдү адатта фонго коюп алышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тоо менен асмандын сулуулугу ширелишип... Мындай сүрөттөрдү адатта фонго коюп алышат

  • Чарчаганда ушундай абасы таза, ээн талаага кетип калгың келет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чарчаганда ушундай абасы таза, ээн талаага кетип калгың келет

  • Борбор калаанын абасы таза эместиги белгилүү, бирок бийлик коронавирус пандемиясынан бери ыш-түтүн азайып калганын айткан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Борбор калаанын абасы таза эместиги белгилүү, бирок бийлик коронавирус пандемиясынан бери ыш-түтүн азайып калганын айткан.

  • Анткен менен аба булгангандыгына байланыштуу айрым жылдыздар даана көрүнбөй калганын айта кетели.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Анткен менен аба булгангандыгына байланыштуу айрым жылдыздар даана көрүнбөй калганын айта кетели.

  • Адистердин айтымында, жаратылышка чыгып, ага суктануу стресстен арылтат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Адистердин айтымында, жаратылышка чыгып, ага суктануу стресстен арылтат

  • Ошондой эле таза абада жүрүү ден соолукту чыңдайт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ошондой эле таза абада жүрүү ден соолукту чыңдайт

  • Эң негизгиси жылдыздуу асман менен жаратылыштын кооздугун көрө аласың
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эң негизгиси жылдыздуу асман менен жаратылыштын кооздугун көрө аласың

Белгилер:
жылдыз, асман, Сүрөт, Бишкек
Тема боюнча
Көркөмү көз талдырган талаа гүлдөрү. Бишкектин тегерегинен тартылган сүрөттөр