Футбол дарбазасы. Архивдик сүрөт

Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты

167
(жаңыланган 11:45 09.09.2019)
Окуядан кийин мектеп администрациясы милицияга кайрылган эмес.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек ШИИБ 5-класстын окуучусун футбол дарбазасы басып калган кырсыктын чоо-жайын айтып берди.

Белгилей кетсек, окуя 6-сентябрь күнү болжол менен саат 9.50лөрдө Ак-Ордо жаңы конушундагы №96 мектепте болгон

"Алдын ала маалымат боюнча, кырсык танапис учурунда болгон. Ойноп жатып балдар футбол дарбазасынын үстүнө чыгып алышкан да аны силкилдете башташкан. Темир конструкция кулап, түтүгүнүн бири 11 жашар баланын үстүнө түшкөн. Окуучу ооруканага жеткирилип, дарыгерлер жараатын тигишкен. Абалы орточо оор деп бааланууда", — дешти милициядан.

Окуядан кийин мектеп администрациясы милицияга кайрылбай эле коюуну чечкен. Ушу тапта тартип сакчылары окуянын кандайча болгонун иликтеп жатышат.

167
Белгилер:
окуучу, милиция, оорукана, дарбаза, футболчу
Тема боюнча
Бишкекте балдары менен бараткан аялды унаа коюп, 6 жашар кызы чарчап калды. Видео