Унаанын ачкычы. Архив

Парага унаа алып, сөзүнө турган эмес. Финпол аткаминерди кармады

832
(жаңыланган 15:18 09.09.2019)
Тергөө жүрүп жаткандыктан берилген автоунаа алынды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Каракол шаарынын архитектура башкармалыгындагы бөлүм башчы жергиликтүү тургундан пара катары автоунаа алган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) кабарлады.

Финполго аял кайрылып, аткаминер жер тилкесинин документин анын пайдасына чечип берем деп "ВАЗ" үлгүсүндөгү автоунаа алып, сөзүнө турбай койгонун айткан. Анан калса машинасын да кайтарып берген эмес.

Аталган факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара алуу") боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Каракол шаарынын архитектура башкармалыгынын жеке турак жай куруу бөлүмүнүн башчысы пара катары автоунаа алганы 4-сентябрда тастыкталган.

832
Белгилер:
пара, Экономикалык кылмыштылуукка каршы мамлекеттик кызматы, финансы полициясы, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК: Токмок прокурорунун жардамчысы кытай жаранынан 15 миң доллар опузалаган
Таласта майыптардан пара алып жүргөн дарыгерлер кармалды. Видео