Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат

Жазылуу
Күлүктөр Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн чуркашмакчы.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. "Ак илбирсти сактайбыз" аттуу эл аралык марафонго эл оозуна алынып калган атактуулар да катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар да билдиришти.

15-сентябрда боло турчу жарышка катыша турчулар:

  • Бегимай Карыбекова — "Кыргызстан сулуусу-2017" конкурсунун жеңүүчүсү;
  • Николай Удовиченко — Россиянын Кыргызстандагы элчиси;
  • Темир Сариев — экс-премьер-министр;
  • Бакытбек Турусбеков —Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Мирлан Парханов — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары;
  • Нурсултан Азыкбаев — ырчы;
  • Аяна Касымова — ырчы.

Андан сырткары, 1.1 Studio долбоорунун катышуучулары Нурсултан Курсанали уулу, Алинур Абдыкалыков, Ростислав Ященко, Бахтияр Матанью, Аскат Табалдиев, Айпери Чотонова жана башкалар катышат.

Жарыш борбор шаардын көчөлөрүндө өтүп, катышуучулар 1, 5, 14 жана 21 чакырымга чуркашат.

"Алгачкы жолу спортчулар шаардын борбордук көчөлөрү менен чуркашат. PRO категориясында кесипкөйлөр 21,1 чакырымга жарышка түшүп, Борбор Азиядагы эң ири байге фонду үчүн күч сынашат", — деди уюштуруучулар.

Полумарафон Мол булак куз деми — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте марафонго карата көчөлөр жабылат. Карта
Каттоо иштери 14-сентябрга чейин уланат. Ал үчүн nomadsport.net сайты аркылуу же "Номад Спорт" кеңсесине кайрылса болот. Дареги: Токтогул көчөсү, 171/1 (4-кабат).

Жарыштын жалпы байге фондусу — 4,5 миллион сом.

Катышуучулардын төлөмүнөн түшкөн каражаттын бир бөлүгү Ак илбирсти жана экосистеманы сактоо боюнча фондуга (GSLEP) которулат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу — иш-чаранын маалыматтык өнөктөшү.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0