Премьер ИИМди карасанатай кызматкерлерден тазаланууга чакырды

© Sputnik / Нурис АлымбаевМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев милициянын ишмердүүлүгү жарандардын өзгөчө көңүлүндө турарын белгиледи.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр кеңешменин жүрүшүндө акыркы кезде коомдо милиция кызматкерлеринин катышуусу менен болуп жаткан терс көрүнүштөргө токтолгон.

Абылгазиев ошондой эле милициянын ишмердүүлүгү жарандардын өзгөчө көңүлүндө турарын белгилеген.

"Милицияны реформалоо пландары көп жылдардан бери бир топ багытта ишке ашпай келет. Кадыр-баркынын төмөндүгү жана укук коргоо органдарын башкаруудагы белгилүү бир кризис Ички иштер министрлигинин жетекчилигине милицияны реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө дем бериши керек. Бүгүн коом да, мамлекет да милициянын жүрөк өйүткөн маселелерин токтоосуз чечүү зарылдыгы тууралуу бирдиктүү пикирде турат", — деди премьер.

Правонарушение в КР - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аёосуз сабалгандар: эмнеге экипаж командири кармалган жок?
Ал ошондой эле мамлекет милицияны каржылоого, техникалык жабдуусун жакшыртууга жана жаңы инновациялык чечимдерди киргизүүгө аракеттенип жатканын кошумчалаган.

Андан сырткары, Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө уюштуруу жана кадрдык өзгөртүүлөрдү кабыл алып, милициянын беделин бузган, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден арылышы керектигин белгилеген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0