Бишкекте 11 гектар жерге жаңы парк курула баштады. Дареги

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПаркагы отургучта отурган адам. Архив
Паркагы отургучта отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейил бакта шаардык биринчи скейтдром пайда болот.

БИШКЕК, 9-сен. - Sputnik. Бишкекте сергек жашоого багытталган дагы бир парк пайда болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, күз башталгандан тарта Түлөбердиев менен Көкчө-Тоо көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакка сейил бак курула баштады.

"11 гектар жерге жаңы парк курулуп жатат. Анда скейтдром да болот. Долбоордун дизайны жакынкы аралыкта коомдук талкууга коюлат. Айдоочулар үчүн 120 орундуу унаа токтотуучу жай дагы курулат. Ал эми эс алуучулар үчүн 150гө жакын отургуч орнотулуп, тротуарлар менен 1660 метрлик веложол салынат", — деп айтылат маалыматта.

Сотрудники Sputnik Кыргызстан приняли участие в социальной акции Парк для жизни - Sputnik Кыргызстан
Sputnik өзүнүн 5 жылдыгына карата "Жашоо үчүн парк" акциясына катышты
Мындан сырткары, эс алуучулардын коопсуздугу үчүн парктын бардык тарабына камералар орнотулуп, күзөт бекети болот.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасы паркты куруу менен катар Түлөбердиев көчөсүнүн Махатма Гандиден Саадаевге чейинки бөлүгүн (1,2 чакырым) оңдойт. Көчөнү реконструкциялоо жана паркты куруу иштери ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүлөт.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0