Ош аэропортунда кармалып турган учак Москвага эртең учмай болду

© Фото / Зульфия ТургуноваПассажиры в зале ожидания в аэропорту Оша, после задержания рейса авиакомпании "Уральские авиалинии"
Пассажиры в зале ожидания в аэропорту Оша, после задержания рейса авиакомпании Уральские авиалинии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөр каттамды 10 саттан бери күтүп жатат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. "Ош" аэропортунда эртең мененки саат тогуздан бери Москвага уча албай жаткан жүргүнчүлөрдү саат түшкү экилер чамасында учакка отургузуп, кайра түшүрүшкөн. Бул тууралуу ушу тапта аэропортто каттамды күтүп жаткан жүргүнчүлөрдүн сөзүнө таянып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваПассажиры в зале ожидания в аэропорту Оша, после задержания рейса авиакомпании "Уральские авиалинии"
Ош аэропортунда эртең мененки саат тогуздан бери Москвага уча албай жаткан жүргүнчүлөрдү саат түшкү экилер чамасында учакка отургузуп, кайра түшүрүшкөн - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Ош" аэропортунда эртең мененки саат тогуздан бери Москвага уча албай жаткан жүргүнчүлөрдү саат түшкү экилер чамасында учакка отургузуп, кайра түшүрүшкөн
© Фото / Зульфия ТургуноваПассажиры в зале ожидания в аэропорту Оша, после задержания рейса авиакомпании "Уральские авиалинии"
Аэропорттун өзүнөн учуу түнкү саат 3.00гө жылганын билдиришти. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аэропорттун өзүнөн учуу түнкү саат 3.00гө жылганын билдиришти.
1/2
"Ош" аэропортунда эртең мененки саат тогуздан бери Москвага уча албай жаткан жүргүнчүлөрдү саат түшкү экилер чамасында учакка отургузуп, кайра түшүрүшкөн
2/2
Аэропорттун өзүнөн учуу түнкү саат 3.00гө жылганын билдиришти.

Эске салсак, учурда "Ош" эл аралык аэропортунда эртең менен саат 9да Ош — Москва багыты менен уча турган каттам кармалып турат. Учак "Уральские авиалинии" компаниясына таандык. Буга чейин "Манас" аэропортунун маалымат кызматынан каттамдын кармалышына россиялык компаниянын учагы кечигип, 12.30да учуп келиши себеп болгонун айтышкан.

"Бизди самолётко саат 14.00дө отургузушкан. Учак техникалык кароодон өтүп жатканын жарыялашкан. Бирок жарым сааттан кийин кайра түшүрүштү. Азыр жүргүнчүлөр үчкө бөлүнүп калды. Бир бөлүгү билеттерин алмаштырып, башка компания менен учмай болушту. Билетин алмаштыра албай калгандар айласыздан күтүп жатат. Үчүнчү топ учак бузук болушу мүмкүн деп өз өмүрүнө кооптонуп, учуудан баш тартышты. Алар азыр жүктөрүн күтүп жатышат", — деди Зульфия Бекмурзаева аттуу жүргүнчү.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
Ал кошумчалагандай, компаниянын өкүлдөрү каалоочулар билетин алган кассасына тапшырса, акчасын кайтарып берерин айтышкан.

Ал эми аэропорттун өзүнөн учуу түнкү саат 3.00гө жылганын билдиришти.

Каттам 10-сентябрга жылдырылганын "Манас" аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова дагы өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жазды. Анын айтымында, 157 жүргүнчүнүн ону учуудан баш тарткан. Ал эми калгандары мейманканага жайгаштырылып жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0