Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРегионы России. Республика Тыва
Регионы России. Республика Тыва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суусамыр өрөөнүндө жааган жамгыр карга айланып, аймактагы миңдеген гектардагы арпаны басып калган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. 9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамыр айылынын Сандык жайлоосунда койчулар мал-жандыгы менен калып калышкан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Подготовка к празднованию Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Жаан жаайт. Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы
Ага ылайык, чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМдин Жайыл районундагы бөлүмүнөн жети куткаруучу жана Суусамыр айыл аймагынан бир трактор тартылган. Кошумча маалымат кийин берилерин министрликтен эскертишти.

Белгилей кетсек, Суусамыр өрөөнүндө жааган жамгыр карга айланып, аймактагы миңдеген гектардагы арпаны басып калган. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев да комитеттин жыйынында көтөргөн болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0