10-сентябрда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен кеңешме өткөрдү

Министр Чыңгыз Айдарбеков ардактуу консулдар менен жолукту

91
(жаңыланган 10:21 11.09.2019)
Бир катар ардактуу консулдарга өзгөчө активдүүлүгү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошкону үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кечээ, 10-сентябрда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында консулдар менен экономикалык, маданий-гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрдөгү кызматташтык маселелери талкууланды. 

Состоялось совещание с почетными консулами иностранных государств, аккредитованными в Кыргызской Республике с участием Министра иностранных дел Кыргызской Республики Чингиза Айдарбекова. 10 сентября 2019 года
© Фото / пресс-служба МИД КР
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен кеңешме өткөрдү

"Ардактуу консулдар институту чет өлкөлөр менен натыйжалуу иштешүү үчүн маанилүү", — деди министр.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар ардактуу консулдарга өзгөчө активдүүлүгү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

91
Белгилер:
Чыңгыз Айдарбеков, ТИМ, Консул
Тема боюнча
Өзбекстандын элчиси Рашидовдун иштөө мөөнөтү аяктады
Кытайдын Оштогу Башкы консулдугу ишин токтотту. Себеби эмнеде?