Кытай чек арасы. Архивдик сүрөт

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

67
(жаңыланган 12:16 11.09.2019)
Кытайда "Ай майрамы" белгиленет.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, мындай демилге кытай тарабынан көтөрүлгөн.

"Ай майрамына" байланыштуу "Торугарт" менен "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат", — деп айтылат маалыматта.

Майрамдан кийин көзөмөл өткөрүү бекеттери жарандар жана транспорттор үчүн кадимки режимде иштей баштайт.

67
Белгилер:
майрам, чек ара, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасында кайтадан чыр чыкты. Көйгөйдүн түйүнү эмнеде