Кыргыз тили боюнча китеп. Архивдик сүрөт

Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек

81
(жаңыланган 16:23 11.09.2019)
Эл өкүлү башка мамлекеттер Кыргызстанга келип ар кандай окуу жайларын ачып жатканын, алардын негизги максаты акча, экинчиси, өз элинин тарыхын, тилин, дилин жайылтуу экенин белгиледи.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев билим берүү министри Каныбек Исаковго кыргыз тилинин окутулушуна өзгөчө көңүл бурушу керектигин айтты.

Депутат балдар адабий тилди мыкты билсе эл-жерине күйгөн инсан болуп чоңоёрун белгиледи.

"Мамлекеттик тилге, кыргыз тилине көңүл буруңуз. Эгерде балдар бала бакчада мамлекетти сүйүп, мамлекеттик тилди, адабий тилди билсе, алар келечекте элди сүйгөн, мамлекетти сүйгөн инсан, жетекчи, кадр болуп чыгат. Башка мамлекеттер бизге келип ар кандай окуу жайларын ачып жатат. Алардын негизги максаты акча, экинчиси, бизге өз элинин тарыхын, тилин, дилин жайылтуу. Өзгөчө Бишкектеги мектептерди бир тартипке келтирүү кажет. Советтик окуу методикасына толугу менен кайтуу керектир. Жеке мектептер дагы мамлекеттик тилди, маданиятты, тарыхты окутуу керек. Биз үч тилди билген кесип ээлерин даярдашыбыз зарыл. Эң негизги милдет катары өз эне тилибизди окутууну талап кылышыбыз кажет", — деди ал.

Зулушев, андан сырткары, илим жаатына да көңүл буруу керектигин билдирди.

"Жогорку аттестациялык комиссиянын, жарымы уктап жаткан Улуттук илимдер академиясынын ишине кийлигишкенге акыңыз бар" — деди депутат.

Эл өкүлү жаңы дайындалган министр чарбалык иштерге да көңүл бурушу керектигин кошумчалады.

81
Белгилер:
Каныбек Исаков, билим берүү, мектеп, кыргыз тили, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Акматова: 12 муниципалдык бала бакчада тарбия иштери кыргыз тилинде жүрөт
Жогорку Кеңеш билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковду жактырды
Депутат министр болчу Исаковдун мектеп фонддорун жабам деген оюн сынга алды